Кечээ, 14-сентябрда Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Бишкектеги Ынтымак эс алуу багына көчөт тигишти. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
2010-жылдагы Апрель мамлекеттик төңкөрүшүнөн кийин өздөрүн Убактылуу Өкмөт деп жарыялаган төңкөрүшчүлөр 14 мүчөдөн турган. Алардын ичинен бак отургузууга Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Эмилбек Каптагаев, Эльмира Ибраимова, Дүйшөнкул Чотонов, Абдыганы Эркебаев, Исмаил Исаков жана Бишкек шаарынын экс-мэри Иса Өмүркулов катышты. Алар ар түрдүү бак көчөттөрүн отургузушту.
Эске сала кетсек, 1-сентябрдан баштап Ынтымак багына 30 үй бүлө жана 15 ар кандай уюмдар 300 түп бак отургузушкан. Алардын көпчүлүгү кайың, липа , каштан жана чынар бактары. Каалоочулар үй бүлөнүн атынан бак отургузуулуучу жерлерди буга чейин эле ээлеп коюшкан. Маалыматта айтылгандай бак отургузуу 20-сентябрга чейин улантылат.
Булак:KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ