Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов “мамлекеттик корукка кирген 16 миң гектар жер “Кумтөр” долбооруна кен казыш үчүн берилип кеткен” деген маалыматты четке какты. Ал Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында Кумтөрдү иштетүү боюнча 1997-жылы жаңы лицензия берилгенин, анда 26 миң 660 гектар жер берилгенин айтты:
—Кумтөр боюнча ар бир жаңы келишимде ар кандай сандар жазылган. Бирок 26 миң 660 гектар жер 1997-жылы эле берилген. Андан кийин өкмөт, мамлекет 1 гектар жер да кошуп берген эмес. Тескерисинче, кийин тактай келгенде 26 миң 400 гектарга чейин алган.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ