Учурда УКМКнын абагында отурган, Атамбаевдин тушунда президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп “серый кардинал” атыккан айтылуу шоопур Икрам Илмиянов убактылуу кармоочу жайдан каалаган кезинде чыгып, үйүнө ээн-эркин барып-келип жүргөнүн мурдагы депутат Ширин Айтматова жазып чыкты. Бирок мындай маалыматты УКМК төгүндөгөн да, ырастаган да жок. Сыягы, ак же көк дебей, үн катпай жатканына караганда чындык бар окшойт. “Үндөбөгөн үйдөй балээден кутулат” болуп билмексенге салышты.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ