Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Казакстандын коронавирус инфекциясына каршы экинчи вакцинасын талапкер вакциналардын тизмесине киргизди. Бул тууралуу Казак улуттук агрардык университетинин эл аралык вакцинология борборунун директору Кайсар Табынов Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
“Достор, биздин SARS-CoV-2 (COVID-19) вакцинасы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун вакцинага талапкерлеринин тизмесине 2020-жылдын 9-сентябрында киргизилгендигин кубануу менен билдирем. Бул вакцина Казак улуттук агрардык университетинин эл аралык вакцинология борборунун жана М.Айкимбаев атындагы өзгөчө кооптуу инфекциялар боюнча Улуттук илимий борборунун биргелешкен иши болуп саналат. Учурда клиникага чейинки изилдөөлөр жүрүп жатат” – деп жазган Кайсар Табынов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ