Menu

Видео – Таджикстандык Сайфулло Олимов өзүнөн 2500 вольт токту өткөрө алат

Бөлүшүү:

Таджикстандын Вахдат шаарынын тургуну ден-соолугуна зыян келтирбестен токту өзү өткөрө алат, деп кабарлады MIR 24 телеканалы.

Сайфулло Олимов жылаң аяк эч коркунучсуз темир бассейинде туруп, электр тогун өткөрө алат. Эксперименттин ачыктыгын далилдөө үчүн переноскага токтун деңгээлин көрсөтө турган переноскага тестор кошулат. Текшерүүчү прибор 246 вольтту көрсөтөт, мындай ысыктыкка суу кайнайт, эгер колун салса адам ошол жерде каза болушу мүмкүн. Суу кайнаарга жакын калганда гана күйүп калбоо үчүн токтотулган. Бирок Сайфулло Олимов эч нерсе сезген эмес.

“1988-жылы менин өмүрүмдө коркунучтуу окуя болгон. Түнкү саат 12 де кырсыкка кабылып 7 саат эсимди жоготуп жаткам. Мен өзүмө келгенде, эч кандай ооруну сезген жокмун. Кийинки күнү мен жумушка чыктым. Ошол жылдары мен үйлөнүү тойлорунда үн инженери болуп иштечүмүн. Той ээлеринин бөлмөсүндө ачык зымдар бар экен. Адаттагыдай эле мен аларды колум менен жыйнап койдум, бирок мен эч нерсе сезген жокмун. Ошол окуядан кийин мен өзүмдүн башкача экенимди билдим”, – деп эскерет Вахдат тургуну.

Мен билдим, бирок ишенген жокмун, үйгө келип өмүрүмдөгү алгачкы тажрыйбаны өткөздүм. Бассейинди сууга толтуруп, ага ачык зымдарды салдым да ток койо берүүнү сурандым, бирок мага эч нерсе сезилген жок. 30 жылдан ашык убакыттан бери трансформаторлордун зымдарына тийип токту аныктай алат. «Тирүу организм – бул импульстук система. Эгер адам жогорку чыңалууда жаракат албаган болсо, анда анын денесинин сезимталдыгы төмөндөгөн болушу мүмкүн”,- деди биология жана химия мугалими Абидова Джамиля.

Азыркы учурда Сайфулло кошуналарына электр жана турмуш тиричилигиндеги техникаларды оңдоого жардам берип турат.

«Биздин жарыктар өчүп же бир нерсебиз иштебей калган кезде Сайфуллону чакырабыз. Башында биз ал ачык колу менен токторду оңдогондо коркчубуз, кийин көнүп калдык. Мурда биздин шаарда жогорку ток өтүүчү зым үзүлдү эле бул барып акырын гана колу менен жыйнап, эч кимге зыян тийгизген жок» , – деди кошунасы Искандар Холназаров.

Өзү аркылу Сайфулло 2500 вольтту өткөзөт, анын эч качан башы оорубайт.  Күн сайын бир нече саат спорт менен машыгат, алдыңкы убакыттарда башкача касиеттери бар адамдар үчүн уюшулган конкурстарга катышкысы келет.

Булак:KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: