Бүгүн Ленин райондук сотунда экс-мэр Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соттук иши болду.
Сот К. Кулматов мэр болуп турганда Калыс-Ордо конушуна курулган мектеп боюнча күбө катары “Бишкекводоканалдын” жетекчиси Бакытбек Дүйшөмбиевден сурак алды.
Иликтөө боюнча, Кулматов 2014-ж кытайлык “TBEA” компаниясынан ЖЭБди модернизациялоого жана эки мектепке бөлүнгөн грантты өзү пайдаланган.
Ал ОсОО “АльтоГрупп” компаниясы менен келишим түзүп, конкурс өткөрбөстөн эле 1млн долларды аталган компанияга которуп жиберген.
Дүйшомбиев 2010-жылдын апрель айынын 2019-ж февраль айына чейин вице-мэр болуп иштеп турган. Анын көрсөтмөсү менен мектептин курулуш ишине кийин катышкан.
“Мурдагы сурвкта Калыс- Ордого мектеп куруу зарыл экендигин айткам. Конуштун жашоочулар бир канча жолу мектеп курууну суранышкан”,- деди ал.
Ал эми 2млн доллар тууралуу билбестигин айтты. ОсОО “Альто Групптун” жетекчиси менен дагы тааныш эмес экендигин кошумчалады.
Компания 16.03.2017-ж каттоодон өткөн.
Жактоочу Өмүр Мамыровдун: “Ошол мектептин кереги бар беле?”, -деген суроосуна “Ооба, балдар бул убакытка чейин билим министри ижарага алган жерде окушчу”-деп жооп берди.
Мындан тышкары: “2млнго сапаттуу эмес мектеп салса болмок. Бирок ал жетпей калып бюджеттен акча алганга туура келди”,-деди.
Ибраимов Дүйшөнбиевдин эмненин негизинде кошумча 104 млн сомго кол койгондугуна кызыкты.
«Мени ушул көрсөтмөлөр боюнча күнөөлөп жатышат. Ушундай кол коюу болду беле?” – деген суроо берди. Дүйшембиев каржылоо боюнча кат болгонун тастыктады.
Ибраимов: “Эгерде сөз биргелешип каржылоо тууралуу болсо, анда тендер өткөрүү кереги жок болчу”-деди. Сталбек Омурканов финансы министри менен дал келген катты көрсөткөнүн кошумчалады. Коомдук-мамлекеттик капиталды башкаруунун экс-башчысы Өмүрканов сатып алуу департаментине эки жолу кайрылганын айтты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ