Бүгүн, 16-сентябрда кечки саат 20:00ге жакын Баткен облусунун Максат айылындагы кыргыз-тажик чек арасында автомат жана гранатометтор менен атышуу болуп жатканын жергиликтүү тургундар видеого тартып, уотсап аркылуу жөнөтүшүүдө.
Бул окуяны Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы да тастыктады, бирок кеңири маалымат тарата элек.
Атышуу былтыртан бери уланып келе жаткан Максат айылындагы кыргыз жарандары мурунтан футбол ойноочу талаа же кээде базарга айланып кетчү чууга айланып кеткен жерде болуп жатат.
Айрым маалыматтар боюнча чек арадагы кыргыз жараны өз үйүнүн алдына контейнер түшүрүп, орнотуп жатканы тажик чек арачыларга жакпай ок чыгарышкан, ага кыргыз чек арачылары жооп кылып, ок атышуу башталган.
Баткен облусунун жетекчилиги жана КР чек ара кызматынын төрагасынын орун басары ок атышуу болуп жаткан жерге жөнөп кетишкени айтылууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ