Menu

Казакстанда “Аблязовдун кыймылын” колдоого айыпталган дагы бир активист соттолууда

Бөлүшүү:

16-сентябрда Нур-Султан шаарынын Сарыарка райондук сотунда активист Серик Жахинге каршы козголон кылмыш иши карала баштады. Ал «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына өлкөдө тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» уюму тууралуу билдирүүлөрдү жазган деп айыпталууда.

60 жаштагы Серик Жахин быйыл 7-июнда кармалган. Ага каршы «Тыюу салынган экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу» айыбы менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн материалдарына ылайык, Жахин «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу өлкөдө тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы тууралуу маалыматтарды жайылтып жүргөн.

Активисттин адвокаты Асель Токаеванын айтымында, Жахин иштин материалдары менен таанышпагандыктан, ага кандай айыптар тагылып жатканын билбейт. Мындан улам жактоочу сотко кайрылып, ишти прокуратурага кайтарууну өтүндү. Судья өтүнүчтү канааттандырып, иштин материалдары менен таанышууга 26-сентябрга чейин убакыт берди.

Серик Жахин өзү айыптоолорду четке кагууда. «Бул менин жеке укугум. Эгер мен кимдир бирөөнүн билдирүүсү менен бөлүшкүм келсе, бул менин ишим. Мен өз оюмду гана айттым. Кимдир бирөөнүн тыюусуна карап өз принциптеримен баш тартпайм. Менин эч кандай күнөөм жок», — деди ал.

Жахинден тышкары Нур-Султандын тургундары Акмарал Керимбаева менен Гүлмира Халыковага дагы «тыюу салынган экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу» айыбы тагылган.

Өткөн жылы мартта сот «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылын экстремисттик деп таап, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу тууралуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырган. Бул чечим менен мурдагы банкир, бозгундагы оппозициячы Мухтар Аблязов тарабынан негизделген уюмдун материалдарын жайылтууга дагы тыюу салынган.

Аблязов бул кыймылдын түзүлгөндүгү тууралуу 2017-жылы апрелде жарыялап, анын максаты «Казакстанда демократиялык жана конституциялык реформаларды жүргүзүү» экенин билдирген.

Өткөн жылдан бери «Казакстандын демократиялык тандоосунун» ишмердүүлүгүнө тиешеси бар деген айып менен ондогон адам кармалып, айрымдары соттолгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: