Menu

Өкмөт дагы уялса экен!

Бөлүшүү:

Соцтармактарда Баткендеги чек ара окуясынан курман болгон аскер кызматкеринин артында калган үй-бүлөсүнө жардам берүү демилгеси көтөрүлүп жатат. Маркум аскер кызматкеринин үч баласы, карыган энеси бар экени, ижарага алынган үйдө жашап келгени белгилуү болду.

Мындан улам атасыз калган үй-бүлөнү үйлүү кылууну каалагандар көбөйдү. Соцтармактын айрым колдонуучулары үч баланы, жубайды жана карыган энени мамлекеттин арзыбаган жөлөкпулуна кор кылбай, акча чогултуп үй алып берүүнү сунушташты. А калганы колдоп кетишти. Нарындагы контейнер мектеби жарыя болгондон кийин да соцтармактын колдонуучулары өз каражаттарына мектеп курууга камылга көрүшкөн. Акча чогултушуп, ал турмак банктан эсеп да ачып жиберишкен. Буга “уялган” өкмөт Кеңеш айылына мектепти куруу иштерин өзүнө алаарын билдирген болчу. Балким бул сапар да өкмөт “уялып” кетип, маркум аскер кызматкеринин артында калган балдарын үйлүү кылаар?!

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: