Түркмөнстандын Өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин төрагасы Александр Дадаев Кыргызстанга өз ара соода кылууда доллар менен эсептешүүдөн баш тартууну сунуштады. Бул тууралуу ал Бишкекте өткөн өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн кызматташтык комиссиясынын жыйынында билдирди.
Түркмөнстан базар мамилесине өтүп жатканын белгилеген Дадаев тараптар түркмөн манаты жана кыргыз сому менен эсептешсе жакшы болорун айтты. «Эгер 2008-жылга чейин өлкөдө жеке бизнестин көлөмү бир пайыз болсо, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 64 пайызга жетти», — деди Дадаев.
Кыргызстандан айырмаланып, Түркмөнстанда улуттук валютанын курсу мамлекет тарабынан катуу көзөмөлдөнөт. Өлкөдө 2015-жылы белгиленген расмий валюта курсу ошол бойдон өзгөрбөй келет. Ага ылайык, 1 АКШ доллары 3,5 манатка барабар. Бирок көмүскө акча алмаштыруу базарында улуттук валютанын баасы расмий курстан дээрлик беш эсеге арзан — 1 АКШ доллары 18 манатка барабар.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ