Menu

Манас Осмонов, журналист: Борбор Азиянын алдында эки жол бар. Же, Арап элдеринин таз кейпин кийет, же, чек ара маселесинде Европадагыдай мунасага келет

Бөлүшүү:

Борбор Азиядагы түрк тектүү элдер жакынкы жүз жылдыкта араздашуу алдында турат. Өткөн кылымда Арап элдерине от жаккан дүйнө кожоюндары ошол отту 21-кылым ортолоп баратса да, өчүрбөй, улам тутантып атышат. 1900-жылдары элдердин арасында тынчтык ыдырап, дүйнө бейпил турмушунан кол жууду. Анан демократиялуу өлкөбүз деген мамлекеттердин талоону, майда элдерге болгон үстөмдүгү башталды. Биринчи дүйнөлүк согуш ошол кесепеттин туундусу болду. Ааламды каратып туруп, Англия, Франция, Италия, Оруссия жана Америка Чыгыш өлкөлөрүн кадимкидей бөлүп алышты. Франция Алжирди, Италия Ливанды, Оруссия Ирак менен Сирияны, Америка болсо, Түркия менен Африка өлкөлөрүнө өкүмүн жүргүзмөк болду.

Ушул тарых ырастап тургандай, дүйнөлүк карта кайрадан сызылып, үлкөн элдер өз энчилерине көбүрөөк жер ээлегиси келгенде майда же, ынтымагы жок элдердин аймагы кызылдай талоонго түшөт. Анан, дүйнөгө өкүм жүргүзгөн кожоюндар көздөрүн кызарткан аймакка согуш жаратып, кайра ал аймактарда дары дармегин, курал жарагын жана курулуш материалдарын сатып, соодасын жүргүзөт. Мына ушундай араздашуулардын негизин жер талаштыруу түзөт. Колонизаторлор алгач аймактарды басып алып, өздөрүнүн тилин үйрөтүп, тарыхы менен салт санаасына сугарат. Жергиликтүү элди өз дининен, тилинен жана салт санаасынан ажыратып, маңкуртташтырат. Бүгүн от күйгөн арап мамлекеттери нак ушул көрүнүштү башынан өткөзүштү. Анын натыйжасында, Судан экиге бөлүндү, Израил мамлекети курулду, Палестина 50 жылдан бери курчоодо турат, Ырак, Сирия от ичинде. Өлгөн адамдардын, талкаланган шаарлардын эсеби жок. Түркия 40 жылдан бери Күрт маселеси менен алпурушууда. Ливан, андан калса, Африка өлкөлөрү 100 жылдан бери маңкуртташкан, курсагы тойбогон өлкөгө айланган. Югославияны да кудум ушул жол менен бырчалап, мусулман дининдеги Хырваттар жана Бошнактарды Сербиялыктарга кызыл кыргын салдырышты. Жыйынтыгында, Балкан өлкөлөрүндө бет карашпаган, чай ичишпеген кошуналар жашап атышат.

Ушундан улам дүйнөнүн кожоюндары кайрадан карта сызып, эми Борбор Азияны мээлеп жатышабы деген бүдөмүк ойлор бар. Анткени, Кыргызстандагы элдик толкундоолор, Казакстандагы Жаңы-Өзен чуусу, Өзбекстандагы Анжиян окуялары, биздеги Ош коогалаңы, кечээги Кыргыз – таажик чыңалуусу өткөн тарыхка аябай окшошуп турат. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы 70 жыл өкүмүн жүргүзгөндөр Борбор Азиядагы чек ара чырын атайын жаратышкан. Бөл, бырчала, жут принциби кудум ушундай чек ара чыры аркылуу ишке ашат турбайбы, көрсө… Байкасаңар, дайым эле какшап келген үчүнчү күчтөр Азия аймагында, айрыкча, кыргызстанда катуу иштеп атышкансыйт. “Оруссияга кошулалы”, орустардын “Канттагы Авиа базасын Баткенге жылдыралы” – деп, коңгуроо каккандар тымызын сырткы күчтөрдүн саясатын жүргүзүү менен от күйгөн Чыгыштагы драмманы бизге да, даярдап жатышкандай. Эмне болгон күндө да, акылдуулук жана сабырдуулук менен чек ара чырына чекит коюш керек.

Башта биздин президентибиз С. Жээнбеков, М. Токаев, Ш. Мирзиёв, Г. Бердимухаммедов жана И. Рахмон ийри отуруп, түз кеңешип, Борбор Азиянын тынчтыгы жана саламаттыгы үчүн таштын алдына алакандарын бирдей коюп, бармагы жанчылса да, чыдап, казыкты кагуулары керек! Жоопкерчиликти биргеликте көтөрүүгө мезгил келип, мажбурлап турат. Ошондо гана ар түрдүү чагым, согуш, араздашуулардан Борбор Азияны сактап, жашай турган аймакка айланта алабыз. Эгер андай акылдуу саясат болбосо, Арап өлкөлөрүнүн таз кейпин кийебиз. Андыктан, Борбор Азиянын гүлдөп өнүгүшү тууган элдердин ынтымагы менен гана ишке ашат. Антпесе, бөрүлөргө таланат!

Манас Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: