Menu

Көчмөндөр оюну кандай өтүүдө?

Бөлүшүү:

Ушул жумада Талас облусунда республикалык деңгээлде Көчмөндөр оюну өтүүдө. Бирок айрым депутаттар бул ирет да көчмөндер оюнун спорттук же маданий иш чара эмес, ысырапкорчулук катары белгилешүүдө. Мисалы, парламент депутаты Дастан Бекешев Таластын жашоочусу оюнду токтотууну өкмөттөн талап кылганын жазып чыкты.

Эске салсак, Көчмөндөр оюну Таласта 16-сентябрда башталган. Анда жети облустун командалары катышкан улуттук оюндардын жети түрү боюнча таймаш болот. 17-сентябрда “Манас-Ордо” комплексинде иш чаранын маданий бөлүгү өттү. Оюн 21-сентябрда аяктоого тийиш.

Дастан Бекешевдин соцтармакка жазганына караганда, ага Талас облусунун тургуну кайрылган.

“Бүгүн мага Таластын тургуну телефон чалды. Ал өкмөткө көчмөндөр оюнун токтоткула деген талабын жеткирип коюумду өтүндү. Ал минтип айтты: чек арада адамдар өлүп жатышат, а биз бул жакта ойноп жатабыз”,- деп жазды депутат.

Бекешевдин пикиринде, оюнду өткөрүү ашыкча ысырапкорчулук.

“Албетте, чек ара жаңжалынын фонунда бул оюн маанисиз болуп калды. Бул өкмөттүн айыбы эмес, бирок оюнду ушундай кебетеде баштоо алардын айыбы. Бардыгы эч кандай каалоосуз, маанайсыз жана энтузиазм жок жасалганы билинип турат. Бул оюн – акчаны асманга сапыруу. Туристтерди минтип тартпайт”,- деди депутат.

Ошондой эле оюнда шаң жок экендигин белгилеген Бекешев келерки жылы мындай жаатта эч нерсе пландабай эле коюу керектигин айтты.

“Эми бул оюнду аягына чыгаруу керек. Анткени спорчулар даярданышты, ыктыярчылар багр – алар оюнда шаң болбой калганына күнөөлүү эмес. Кийинки жылы оюн өткөрүүнү пландабай эле коюш керек. Биз жада калса оюнду да эптей албайбыз”,- деп белгиледи эл өкүлү.

Ал эми өкмөт бул иш чарага мамлекеттик бюджеттен 30 млн сом жумшаганы белгилүү. Айрым жарандар соц. тармактарда ушул бир күндө ысырап болуучу ушул акчаны азыр атышуу болуп аткан Лейлек районундагы Тажикстан менен чек арада жашаган аймактын элинин социалдык абалын ондоого жумшаса, алар өз жерин таштап көчүп кетпей, кошуна мамлекеттердин жарандары ошол бош калган жерлерди басып алышпайт эле деген пикирде.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 + = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: