Menu

Будапешт шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин тышкы саясий ведомстволорунун башчыларын Венгриянын Премьер-министри кабыл алды

Бөлүшүү:

Кечээ, 19-сентябрь күнү Будапешт шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТТМКК) тышкы саясий ведомстволорунун башчыларын Венгриянын Премьер-министри В.Орбан кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Венгриянын Өкмөтүнө Түрк Кеңешиндеги интеграциялык процесстердеги жигердүү ролу үчүн ыраазычылык билдиришти, буга 2018-жылы Чолпон-Ата шаарында өткөн ТТМКК саммитинде старт берилген.

Ч.Айдарбеков Түрк кеңешинин Төрагасы С.Ш.Жээнбековдун эң жакшы каалоо-тилектерин билдирип, венгр тарабына ТТМККнын Европадагы Өкүлчүлүгүн ачуу боюнча демилгеси үчүн ыраазычылык билдирди. Бул анын пикири боюнча Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн Венгрия жана Европа өлкөлөрү менен мындан ары да өз ара аракеттенүүсүнө жана кызматташуусуна импульс берээрин кошумчалады.

Венгриянын Премьер-министри В.Орбан өлкөлөрдүн делегацияларына маанилүү иш-чарага катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди жана Венгриянын түрк интеграциясына жигердүү катышууга даяр экендигине ишеним билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: