Учурда Москвадагы Н.Н.Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборунда дарыланып жаткан Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкуловго Өкмөт башчысынын резвервдик фондунан акча бөлүндү. Тагырагы, Саламаттык сактоо министрлигине Курманкуловдун дарылануусуна деп 1 миллион 462 миң 691 сом бөлүнүп, тиешелүү жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Мындай сумма Москвадагы реабилитациялык борборуна которула турганын Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев ММКларга билдирди.
Эскерте кетсек, 7-8-августта, Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда, Самат Курманкуловдун башына таш тийип, оор жаракат алган. Ага эки жолу операция жасалып, бир нече күн комада жаткан. 11-августта Орусиядан дарыгерлер келип, консилиум өткөрүшкөн, ошондон кийин Москвага которулган.
Жайнагүл ТАЛКАНБЕКОВА
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ