Өкмөт башчы «Кепилдик фондунун» уставдык капиталын 550 млн. сомго көбөйтүү боюнча тийешелүү буйрукка кол койду. Өкмөт бул үчүн жөнөкөй акцияларды кошумча эмиссиялоону жана Улуттук банкка аларды сатып алууну сунуш кылды. «Кепилдик фонду» ачык акционердик коому 2016-жылы ишкерлерге банктагы насыялар, күрөө жетишсиз учурда лизинг келишимдери боюнча кепилдик берүү максатында түзүлгөн. Уставдык капиталы алгач 72 млн. сом болсо, азыр 582 млн. сомду түзөт. Аталган фондду негиздеп жана жетектеп жаткан Малик – Айдар Барктабасов. Бул адам иш билги адам экен. Себеби, өзү жетектеген фонддун ишин ийгиликтүү алып кетти. Эми Кыргызстандын “Кепилдик фондунун” башкаруу моделине КМШ жана башка өлкөлөр да кызыгып, үлгү алып баштаганы боюнча да маалымат кеткен.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ