Эки кыз, бир уулдун энеси, 48 жаштагы белгилүү орус актрисасы Анастасия Заворотнюк рак оорусу менен ооруп, жасалма дем алдыруучу аппараты менен дем алып, оор абалда ооруканада жатканын Орусиялык ММКлар жазышкан. “Комсомольская правданын” жазганына караганда, актриса комадан чыгып, өз алдынча дем алып калган. Аны дарыгерлер реанимациядан палатага которуп, мээсиндеги шишикти алып салуу үчүн операцияга даярдыктарды көрүүдө.
Жайнагүл ТАЛКАНБЕКОВА
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ