Menu

Фото – Милиционер УКМКнын кызматкерлери тарабынан сабалганын билдирүүдө

Бөлүшүү:

УКМКнын Караколдогу имаратында Түп РИИБнин кызматкерин сабашкан. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунан бүгүн, 17-мартта билдиришкен.

Алардын айтымында, кечээ, 16-мартта Түп РИИБнин №3 убактылуу кармоочу жайындагы Д.А. аттуу кызматкеринен арыз келип түшкөн. Анын айтымы боюнча, аны УКМКнын имаратынан сабашкан. Ошондой эле ага карата 267-берене 2-б (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча жалган айып тагылганын айтып, УКМКнын кызматкерлери тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр, психологиялык кысымдар болгонун белгилеген.

Милиция кызматкеринин бети көгөргөн, сол көзү шишип, кашынын жанында 1,5 сантимертлик тырыгы бар.

Анын айтымында, сот анын бөгөт чарасын карап жатканда, УКМКнын айрым кызматкерлеринин аракетине карата прокуратурага арыз менен кайрылган. Соттук отурумда атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан сабалганы айтылган.

“Аны убактылуу кармоочу жайга киргизип жатканда, бети көк ала болуп сабалгандыгы жөнүндө акт түзүлгөн. Акт ТИЗОнун кызматкерлери жана УКМКнын кызматкерлери тарабынан кол коюлган” – деп айтылат билдирүүдө.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунан белгилешкенде, 16-мартта кармалган жарандын өздүк иши менен таанышканда, медициналык текшерүүнүн протоколу жок болгон. ТИЗОнун кызматкерлеринин айтымы боюнча, ал протоколду УКМКнын кызматкерлери 16-мартта алып келишмек болчу.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбору Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин борбордук аппаратын текшерүү үчүн милиция кызматкеринин арызын Башкы прокуратуга жөнөтүү керек деп эсептейт.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: