Menu

КР Өкмөтүнүн сектор башчысы Егор Скобеев жемкорлукка айыпталып, УКМКнын тергөө абагына камалды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-сентябрда белгилүү болгондой КР Өкмөтүнүн аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы Егор Скобеев жемкорлукка шектелип Аскердик прокуратурасы тарабынан кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан 17-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камалган.

Егор Скобеев 1995-жылдан тартып көп жылдар бою милицияда кызмат кылып, 2016-жылы КР Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү комитетинин аппаратына кеңешчи кызматына өткөн. 2018-жылы апрелде КР Өкмөтүнүн аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы болуп дайындалган.

Анын көзөмөлү астында “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашырылганы, ал эмгеги үчүн 17-сентябрь күнү эле КР Премьер-министри Абылгазиевден алкыш алганы айтылууда. Кылмыш иши да мына ушул “Коопсуз шаар” долбооруна же ал көзөмөлдөгөн башка дагы долбоорлордогу жемкорлукка байланыштуу экенин билермандар божурашууда.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: