Menu

Мамат Айбалаев, коомдук ишмер: “Шыйпаңбай чыккынчылар элди азапка салышты”

Бөлүшүү:

– Мамат ага, Баткендеги талаш жерге Тажикстан тарап курулуш иштерин баштаганын Кыргызстандын бийлигин тоготпой, жерди ээлөө аракети катары бааласак болобу?

– Алардын аракетин жерди ээлөөгө жасалган максаттуу кадам катары бааласак болот. Негизи шарт, эреже боюнча талаштуу жер такталмайын андай курулуш иштери жүрбөшү керек эле. Тилекке каршы, тажик тарап өздөрү билип курулуш иштерин жүргүзүп, эки мамлекеттин тирешин ого бетер жандандырышты.

– Алар өздөрү эмес, кыргыздар мыйзам бузганын айтып, дооматты бизге оодарып жатышат го? Чынында ал жер өзү кимге таандык?

– Негизи кыргызга таандык жер. Кыргыздыкы болгон үчүн тажиктер кыргыздын жери деп билишчү. Басма сөз каражаттарына чыккан жана телевидениеден берилген маалыматгарга караганда, 2009-жылы Бакиевдин доорунда калпыстыкка жол берилип, кытайлар Баткен-Лейлек жолун куруп жатканда тажиктерге берилип кеткен экен. Тажик-кыргыз маселесин басыш үчүн ал документке Адахан Мадумаров кол койгон деген да маалыматтар айтылып жүрөт. Бирок ал кандай келишим, жер кандай шартта берилгени боюнча толук маалыматым жок. Мага жеткен маалыматтарга караганда, ошол кездеги бийлик уступкага барып, Мадумаровдун оозу менен “Бул тажиктин жери” – деп айттырып, 49 жылга тажиктерден арендага жол салыш үчүн жер алышкандай түр көрсөтүшкөн. Ошондон бери тажиктер ал жерди биздин жер деп ээлеп, жүздөгөн үй-бүлөсүн дарыянын жээктерине жайгаштырып, үй салдырткан. Негизи демаркация, делимитация бүткөндөн кийин аңан курулуш ишин баштаса азыркыдай чыр чыгып, ок атылып, жарандарыбыз жабыр тартпайт эле. Бул жагынан тажиктер шашып кетти.

– Мадумаров кол койгон документ канчалык деңгээлде юридикалык күчкө ээ?

– Эгер массалык маалымат каражаттарында чыккан маалымат чын болуп, Мадумаров юридикалык күчкө ээ документке кол койгон болсо, юридикалык жактан ал жер тажиктики болуп калды. Болгону кыргыздар силердики эмес, биздики деп жаңжалдашсак да факты жагынан биздики деп талашып турабыз. Чынында ал документ Жогорку Кеңештен ратификациядан өткөн-өтпөгөнү да белгисиз. Эгер ратификациядан өтпөгөн болсо юридикалык күчү жок болуп, талашка түшөт.

Негизи карапайым эл бийлик төбөлдөрүнүн ойлонбой койгон колунан, арзыбаган нерсеге алданып берип койгон жердин азабын ченебей тартып келишет. Чынында бийликке келе калган азаматтардын жер бергенге акысы жок. Ал жер алардын аталарынан калган жер эмес. Жердин ээси кыргыз эли. Ага карабай Бакиевдер 49 жылдан кийин эмне болоорун эске албай, кыргызга таандык жерди тажиктерге берип койгону үчүн Баткендин айрым айыл өкмөттөрү жана Лейлек району, Сүлүктү шаары толугу менен анклав болуп калуу коркунучунда турат. Жол салып кыйратып жатабыз дебей эле, аталган документке кол койбой эле эски жол менен каттай берсек, талашып-тартышып жүрүп акыры туура жагына чечилет эле. Башкача айтканда, ал жерди тажиктер талашканы менен кыргыздың, жери болуп кала бермек.

– Эки президент жолуккандан кийин ушундай пикир келишпестиктердин алдын алынышы керек беле же бул жерде эптеп жерди ээлеп алуу кызыкчылыгы баарынан жогору турабы?

– Мындай нерселер орун албашы керек эле. Бирок талаштуу жерге тажиктер курулуш ишин баштаганы жергиликтүү бийликтин абдан начардыгы жана реакциясынын жоктугу деп айтат элем. Чынын айтканда, эгемендикке ээ болгон жылдан бери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү бийлигинин жоопкерчиликсиздигинен улам тажиктер ушундай позицияны карманып, биздин жерлерди ээлеп алууга аракет кыла башташты.

– Баса, Керкиданды Өзбекстанга берип Кыргызстан уттубу же утулдубу?

– Керкидан маселесинде туура чечим кабыл алынды. Себеби 1200 га жерди Араван районунун территориясын суу басып, Керкидан ээлеп калган. Ошону 600-700 га жакын жерин беришип, 400-500 га жерин Каримовдун убагында бербей коюшкан. Ал маселе бүгүн чечилип, Араван районуна жер берилиптир. Бул абдан жакшы жана туура иш болду. Кыргыздар утканыбыз жок, бирок чындык, адилеттүүлүк, акыйкаттык болгонун айтып коюшубуз керек.

– Кезинде ойлонбой чечим чыгарып жерлерди коңшу мамлекттерге берип койгону үчүн ошол кездеги чиновниктерди жоопко тартып, башкасына сабак кылсак болобу?

– Жоопко тартууну Акаев менен Бакиевден башташыбыз керек. Акаев чоң территорияны атасынан калган жерден бетер кытайларга берип койгон. Чынында биздин жетекчилердей жер берген марттыкты эч ким көрсөткөн эмес. Айтайын дегеним, эң күчтүү Советтер Союзунун жетекчилери Сталин, Хрущёв, Брежнев, Андропов деген азаматтар да бул маселени чече алган эмес. Акаев жана Бакиевдин тегерегиндеги шыйпаңбай чыккынчылар бийликке келе калгандан пайдаланып, кыргыздын жерин ченебей кошуна мамлекеттерге берип элди азапка салышты. Башкача айтканда, кыргыз элинин жерин кыргыз элинин ичинен чыккан акмактар бекер берип иттик кылышты.

– Баткенге эл сыйлаган адамды губернатор кылып койсо эле чек арадагы маселелер жай-жайына коюлуп, азыркыдай кооптуу жагдай жаралбай калабы?

– Бүгүн губернатор жок. Бүгүн губернаторлук кызмат акмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл деген ат менен алмашылып калган. Өкүлдүн кандай ыйгарым укуктары бар экенин билбейм. Мен губернатор кезде менде укук жана жоопкерчилик жогору болчу. Ошон үчүн иштеген ишимден майнап чыккан. Негизи чек ара маселесин облусту тейлеген азаматтар эмес, президент менен премьер-министр чечет. Губернатор чечиш керек болгондо, мен эбак эле чечмекмин. Мен бул маселелерге катуу киришкенде, кошуна мамлекеттин президенттери Кыргызстанда Акаев президентпи же Айбалаев президентпи деп жатып мени кызматтан алдырышкан.

– Жер берген президенттердин катарына Курманбек Бакиевди да кошуп жатасыз. Ал Мадумаровду кол койгонго жөнөткөндөн башка дагы кандай калпыстыктарга жол берди эле?

– Курманбек Бакиев премьер-министр кезинде Сохтон коридор берем деп кол коюптур. Мен ал кезде губернатор элем. Туура эмес чечим кабыл алганын, ал жерден коридор берилсе, Кыргызстандын бир канча жери анклав болуп калаарын айтып түшүндүрдүм. Жыйынтыгында туура эмес кол коюп алганын мойнуна алып, нота менен колун чакыртып алган. Таң калганым, бир канча машина менен жолубузду тосуп, маселени чечебиз деп турган экинчи тарапка токтотпой койгон. Сыягы, туура эмес кол коюп алыпмын деп айтканга духу жетпеген окшойт.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: