29-ноябрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында КРнын Жогорку Кеңеши аталган шаардагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууга Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Нурбек Алимбеков, Айнуру Алтыбаева, Талант Мамытов жана Максат Сабиров катышты.
Элчи Болот Отунбаевдин айтымында, учурда Орусияда кыргыз диаспорасынын 100гө жакын коомдук уюмдары бар. Ошондой эле, ал улут иштери боюнча федералдык агенттиги менен кыргыз диаспорасынын уюмдарын бириктирүү боюнча сүйлөшүүлөр болгонун айтып, Санкт-Петербургдагы элчиликтин бөлүмү шаардын ортосунда жайгашкан КРдин Ардактуу консулунун жанына көчөрүн билдирди.
Мындан тышкары, диаспоранын мүчөлөрү менен амнистия маселесине тиешелүү суроолор талкууланып, эмгек мигранттарын социалдык жактан коргоо жана аларга пенсия берүү, студенттердин жумушка орношуусу жана эки жарандык алуу боюнча маселелер каралды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ