Ош шаарында 15 жаштагы кыздын боюнан түшүп калды. Бул тууралуу журналисттерге Ош облустук төрөт үйүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, өспүрүм кыз 5-декабрда төрөт үйүнө түшкөн. Түйүлдүккө 16-17 жума болгон.
Кыздын энесинин айтымында, бойдон түшүп калуу ооруканага бараткан жолдо болгон. Кыз кансырап, колунда түйүлдүгү менен жаткырылган. Ага медициналык жардам көрсөтүлдү. Учурда өспүрүм дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы канааттандырарлык, оор кырдаал жок.
Кыз өзү өтө жашыруун жүрөт, дарыгерлерге кайрылган эмес. Ошондой эле, бул тууралуу окуя укук коргоо органдарына кабарланды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ