Menu

Садык Шер-Нияз кайда, көрдүңөрбү?

Бөлүшүү:

“Ата Мекен” фракциясы бийликчил коалицияда жүргөндө Садык Шер-Нияз Жогорку Кеңештеги социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттык сактоо тармактарын көзөмөлгө алып турган бакыйган комитеттин башчысы болчу. Анан эле ал фракция көпчүлүктү түзгөн коалициядан сүрүлгөндөн бери Садык Шер-Нияздын да карааны көрүнбөй кетти. Же өзү айткандай “транска” кирип кеттиби, билген жан жок. Кезинде уккандын үрөйүн учуруп “эсил кайран маданият” деп муштумдай топту артынан ээрчитип алып Акүйдү айланып өкүргөн, кийин агасынын менчиктеп алган “местасындай” эле “Ата Мекендин” алдыңкы тизмеси менен парламентке келип, ал жерден кыргыз үчүн жалгыз өзү гана туулгандай туюм калтырып “актёрлук” чеберчилик менен сүйлөсө шилекейинен чаң чыкчу Садык чын эле кайда жүрдү экен? А балким “Ата Мекендин” асманын кара булут каптап жатканда “ач кулактан тынч кулак” болуп коңулга кирип кеткен жокпу? Антели десек, ал шерибиз азыр өлкөнүн эң эле мартабалуу болгон Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаттыгын алууга чуркап жүрөт дейт го? “Ата Мекендин” квотасы менен бийликтин тегерегинде жүргөндөр өгөйлөнүп жатса, Садык Шерибиз тигинтип эң ыйык даражалуу сыйлыкка көрсөтүлүп жатканы чын болсо… кызык ой жаралат экен.

Булак: Ачык саясат 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: