Menu

Өзбекстан ТИМи Орусия ТИМине “Мамлекеттик тил боюнча ички саясатка сырттан кийлигишүүгө жол берилбейт” деп жооп берди

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) мамлекеттик органдардагы иш кагаздарын өзбек тилинде жүргүзүү тууралуу мыйзам долбоорунун айланасындагы талкуу боюнча билдирүү жасады.

Өткөн жумада Орусия ТИМинин өкүлүм Мария Захарова Өзбекстанда бул мыйзам долбоорунун тарапташтары «азчылыкты түзөрүн» билдирген. Өзбекстан ТИМинин билдирүүсүндө Захарованын аты-жөнү айтылган эмес.

«Мамлекттик тил тармагын көзөмөлдөөгө байланышкан маселелер мамлекеттин ички саясатынын өзгөчө укугу болуп эсептелет жана сырттан кийлигишүүгө жол берилбейт», — деп жазылган билдирүүдө.

Анда 1995-жылы кабыл алынган «Мамлекеттик тил тууралуу» мыйзамдын 9-беренесине ылайык, өлкөнүн мамлекеттик бийлик органдарындагы иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлөрү белгиленген.

Мындан тышкары мыйзам Өзбекстанда жашаган башка улут өкүлдөрүнө «эне тилин окууга, аны билим алууда жана мамлекеттик органдарга кайрылууда тоскоолдуксуз колдонууга кепилдик берери» белгиленген.

«Өлкөдө жашаган башка улуттардын тынчсыздануусуна негиз жок. Мында кеп 1995-жылы кабыл алынган мыйзамдын аткарылышы жөнүндө болуп жатат. ТИМ биздин өлкөдөгү мамлекеттик тил тууралуу мыйзамдын талаптарынын аткарылышына байланышкан маселелерди талкуулоодо объективдүү пикирлер айтылат деп үмүттөнөт», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: