19-20 кылымда Азияны дүңгүрөткөн алп балбандар саналуу гана болгон.Ошолордун бири Кожомкул палван атабызга теңдеш Төрөбек палван Абакиров. Учурунда бул легендарлуу палван атабызды жердештери туугандары эстебесе, мамлекеттик деңгээлде унутта калып кеткен. Азыркы учурда бир өрөөнгө аты белгисиз адамдар эскерилип, спортко тиешеси жок болсо да, аларга арналып спорттук мелдештер ж.б. жөрөлгөлөр өтүп жүрөт. Кожомкул, Төрөбек аталарга арналган эч кандай иш чаралар жокко эсе. Ошону сезген,-билген Көчкөнбай Майлыбашевдей агабыз бар экен, анын демилгеси менен жылда мамлекеттик деңгээлде Төрөбек Абакиров атабызга арналган эл аралык көк-бөрү, эңиш, күрөш турнири болуп турмакчы.
Кыргыз элимди жана палвандарыбызды дагы бир спорттук майрамы менен куттуктайбыз!
Шүкүрбек Эркебаев
Булак: “Кабар Инфо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ