Menu

Парламенттик шайлоо жакын, эл даярбы?

Бөлүшүү:

Коомчулукта, анын ичинде Жогорку Кеңештин өзүндө депутаттардын тарап кетүү ыктымалдыгы, бир айдын ичинде парламенттик жаңы шайлоо күнү жарыяланаары боюнча имиштер күч.

Учурдагы саясий кырдаал, Текебаевдин соттук процесстери, чек арадагы абал, Атамбаевдин камалышы жана ага коюлган айыптар боюнча бийликтин так позициясы жоктугу, регионалдык бөлүнүүнүн күн сайын күчөп жатышы, Бабановду чоң саясатка алып келбөө боюнча факторлорду эске алсак, анда чындап эле парламенттик шайлоо жакындап калганы шекил. Анан калса буга чейин Акаев, Бакиев доорунан бери шайлоо өткөргөнгө адистешип калган эл аралык уюмдарда эмгектенип келген айрым адистер президенттик аппараттын башчысы Досаалы Эсеналиевди тегеректеп калганы буга мисал боло алат. Ырас, кырдаал азыркы бийликтин легитимдүүлүгүнө болгон коомчулуктун көз карашы өзгөрүп, ишенимден тайып баратат. Муну Ак үй, көк үйдөгүлөр деле моюндап жатат. Өкмөттүн чабалдыгы, реформалардын жоктугу, бюджеттин таңкыстыгы биригип келип кийинки жылы болчу шайлоону жакындатып жатканы айгине.

Өткөндө президент Жээнбеков мурунку Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн кабыл алганда, алардын парламенттик шайлоонун датасы боюнча суроолоруна туюк гана Конституцияга ылайык шайлоо өтөөрүн айтты. Так датасы эмес, Конституциянын негизинде парламенттик шайлоо өтөөрүн көңүлгө түйсөк, президент баш мыйзам боюнча каалаган убактысында парламенттик шайлоону дайындай алат. Парламент тараган күндөн баштап кырк беш күн ичинде жаңы парламент шайланып келиши керек. Мына ушул саясий кырдаалды эске алып, азыр сентябрь айынын аягына чейин эки партия съездин өткөрүп, ал эми бир бийликчил партия активдүү штабдык ишин баштады. Демек шайлоо жакын. Мындай шартта азыркы бийлик эмнеге таянуу менен парламенттик шайлоого баратат деген табигый суроо туулбай койбойт. Биз жогоруда мисал кылгандай, бийлик ириде ыңгайсыз фигуралардан кутулуп, эл ишениминен такыр чыга электе ишенимдүү парламент түзүүгө кам көрүп жатат.

Эгер убакыт созула берсе мезгил оппозициянын пайдасына иштеп, кийинки жылда азыркы Сооронбай Жээнбековчу күчтөр баарынан куру жалак калганы турушат. Ал эми ушул күздө опур-топур шайлоо өткөрүп, оппозиция чачыранды позицияда турганда анын ыңгайын колдон чыгарбай кармоо азыркы бийликтин “фишкасы”. Ансыз бийликти утуп алуу мүмкүн эмес. Анын үстүнө коомчулуктун көңүл борборун президенттин позициясынан бөлүп, парламентке убактылуу болсо да буруп туруу Жээнбековго “балта көтөрүлгөнчө дөңгөч эс алат” ыкмасы же келечек пландарын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Албетте, бул жерде опуртал оюндар да бар. Мындайча айтканда тобокелчилик. Эгерде тобокелчиликте оппозицияга уттуруп кое турган болсо, анда эрте эле президенттин легитимдүүлүгү боюнча сөз козголот. Шайлоодон шайлоого чейин жашаган кыргыз коому үчүн босогодогу парламенттик шайлоодон кийин эле 2023-жылы боло турган президенттик шайлоонун кам-чому башталат. Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков келерки президенттик шайлоого мыйзам боюнча бара албайт. Бул деген эртең эле азыркы президенттин чабармандары ага оппонент болуп чыгат дегенди билдирет. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Парламенттик шайлоодон кийин эле азыркы президенттин тегерегиндеги таасирдүү топтор эки же андан көп группаларга бөлүнүп, келечекке талапкер тандоо оюнун башташат. Таасир талаш күчөйт. Президент аларды иш жүзүндө ооздуктай албай калат. Себеби келечек президенттик шайлоодо кайсы таасирдүү топ күчтүү болсо ошол жеңет. Бийлик алсырайт. Кошумча азыркы чек арадагы кыйын кырдаалдар түзүлөт. Мына ушунун баары биригип келип азыркы бийликтин чыныгы жүзүн ачып, анын ашмалтайын чыгарат. Мындан эч бир саясий күч да, эң оболу бийлик да качып кутула албайт. Дал ушул факторлордон улам, жакында болчу парламенттик шайлоодо жеңип келген партиялардын кимдиги маанилүү.

Алмаз Темирбек уулу

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: