Menu

Гүлмайрам Алимбай кызы: “Дарыгерлер бул сен үчүн акыркы чечим болуп калышы мүмкүн дешкен…”

Бөлүшүү:

Каарманым Гүлмайрам Алимбай кызы тубаса айнек сөөк оорусу менен ооруйт. Кадимки инсандардай акыл-эси, кыймыл-аракети жакшы өөрчүгөнү менен бут сөөгү абдан морт. Кичинесинде улам-улам жыгылып кетсе эле сына берип бою өспөй калган. Өзүнүн ооруганына карабай абдан позитивдүү, жашоого өзгөчө көз менен карайт. Мунун далили катары анын турмушка чыгып, кыздуу болгонун айтсак болот. 12 мүчөсү толук адамдар төрөттөн кыйналып жатса, Гүлмайрам эч нерсеге карабай балалуу болгон. Гүлмайрамдын төрөшүнө дарыгерлер караманча каршы чыгып уруксат беришкен эмес. Бирок ал кызы үчүн өмүрүн тобокелге салган. Учурда кызы 1 жашка чыкты. Тубаса айнек сөөк оорусу менен жабыркагандардын боюна бүтүп аман-эсен көз жарышы Кыргызстанда биринчи жолу катталган.

– Мындан 2 жыл мурда эне болууну кыялданып жатам деген элеңиз, тилегиңиз орундалыптыр, бешик боо бекем болсун! Ишке ашкан кыялдын тарыхын билгим келет…

– Бул 2 жыл мурда кыял болчу. Ошол кыял ишке ашпай эле кыял бойдон калабы деген ой менен жүрдүк эле. Кудайдын буйругу экен, бардыгы күтүлбөгөн эле жерден болду. Өмүрүмдү тобокелге салып аракет кылып көрдүм эле, кудайым оң көзүн салып ушул күнгө жетип жатабыз. Азыр деле бир ишенип, бир ишенбей кетем. 4-сентябрда кызым 1 жашка толду. Ошондо аябай таң калып, чындап эле бир жашка чыктыкпы деп ойлондум. Кызыбыздын ден соолугу жакшы. Кадимки аялдардай эле 9 ай көтөрдүм. 9 ай бою кандай болот деп санаам сан болду. Анын үстүнө дарыгерлер балаңар оорукчан болуп калат деп божомолдоп жатышты да. Аны укканда андан бетер санааркадык. Бирок Кудайым жардам берип кыз төрөп алдым. Атын Айша койдук. Чоң аталары ысымды ыйгарышты.

-Тобокелге салганыңызга баа бердим…

– Ооба бул биз үчүн абдан олуттуу маселе болду. Дарыгерлердин баары болбойт деп ызы-чуу болушту. 2-төрөт үйүнөн профессор, доценттер чогулуп, баары болбойт дешкен. Бирөөсү гана жүрөгүн текшерткиле деп, жүрөгүм жакшы иштегендиктен макул болушту. Бүт милдетти мойнума алып, учетко алып бериңиз деп сурандым. Биринчиден өзүңдүн өмүрүңө коркунуч келет, экинчиден балаңар оорулуу болуп төрөлүп калышы ыктымал деди. Ошол учурду эстеп толкуп турам. Күнү-түнү ыйлап, бир чечимге келе албай кыйналдым. Бул мен үчүн өмүрүмдөгү акыркы чечим болуп калышы толук мүмкүн болчу. Бирок ошого карабай төрөйм деген чечимди кабыл алдым. 9 ай бою эч кимге билдирбей, айтпай үйдө болдум. Жеңил өттү Кудай буюрса.

– Дарыгерлер төрөгөндөн кийин таң калса керек?

– Ооба, алардын божомолдогонундай чыккан жок. Сөөктөрүң сынып кетиши мүмкүн деп да коркушкан. Акыркы гана жумада коляскага отурганга туура келип калды. Убакыт-сааты келгенде кесарево менен төрөдүм. Дарыгерлер экөөбүздү жакшы карап үйгө чыгарышты. 2 жума апам карашып, баланы жуунтуп берип жатты. 2 жумадан кийин эле өзүм карап баштадым. Азыр деле эч кимдин жардамсыз өзүм эле багып жатам. Отурду, жөргөлөп жүрөт, эми басып алсак ханга салам бербей калабыз..

– Эне болуу сезими кандай экен?

– Сөз менен айтып жеткире албаим. Бир чети абдан жоопкерчиликтүү болуп жатат. Күнүгө өнөрү чыккан сайын ичим эзилип, мындан ары да бел байлап жашагым келет. Кызым үчүн баарына даярмын. Мен үчүн бул чоң жетишкендик. Кызым төрөлгөндөн бери өзгөрдүм, өзүмдү карап тарбиялап жатам. Мен кызыма күзгүмүн. Ошол себептен өзүмдү татыктуу алып жүрүүгө умтулуудамын.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: