Menu

Кыргызстандын бажы кызматын түзүүчүлөрдүн бири Эмил Иманалиев дүйнөдөн кайтты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-сентябрда 62 жаш курагында бажы кызматынын ардагери, полковник Эмил Иманалиев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралу КР Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Эмил Иманалиев 1957-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылында туулган.

1991-жылы Кыргызстан көз карандысыздык алгандан тартып, жаш өлкөнүн алдына өзүнүн бажы кызматын түзүү милдети турган. Бул кызматты түзүүчүлөрдүн алдыңкы катарында Эмил Иманалиев туруп, өткөн кылымдын 90-жылдарында эле КР Бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына чейин өсүп жеткен.

Андан кийин Эмил Иманалиев “Манас” эл аралык аэропортунун бажы кызматынын биринчи начальниги кызматын аркалаган.

Ал өзүнүн кыска өмүрүндө КР УКМКнын бөлүм башчысы, КР ТИМинин Консулдук департаментинин жетекчиси, Кыргызстандын Россиядагы консулу, КР Бажы кызматынын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси кызматтарында иштеп кетти.

Эмил Иманалиев кайсы кызматта иштебесин акча үчүн үзүлүп-жулунбаган, ишкерлерди талап-тонобогон, жемкорлуктан өзүн алыс алып жүргөн, таза, ак көңүл, кол алдында иштегендерге колу ачык, адилет жетекчи катары оозго алынып жүрчү.

Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун Эмил Давутович! Сиздин калган жашыңызды жараткан артыңыздан өсүп келаткан балдарыңызга берсин!

Kyrgyztoday.kg агенттигинин эмгек жааматы маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: