Эми автоунаа ээлери кечиктирген салыктан башка айып пул жана туум акчасын да кошуп төлөгөнгө милдеттүү. Автоунаа салыгын өз учурунда төлөбөй калганы үчүн 1036 жаран айыпка жыгылды. Бүл туурасында Салык кызматынан кабарлашты. Эске салсак, автокөлүктөргө салык төлөө меөнөтү 2-сентябрда бүткөн. Анын эртесинен тарта эле текшерүү башталып, облустарды кыдыра башташкан. 10 күндүн ичинде 11 миңден ашуун автоунаанын кожоюну текшерилген. 750 киши салыкты ошол жерден банк, терминалдан төлөгөн. Алар айып пул жана кечиктирген ар бир күн үчүн туум акчасын да төгүшү керек. Мындан сырткары, 3000 айдоочуга автокөлүк салыгын төлөгөндүгүн тастыктаган чаптама берилген.
Салык кызматы жетишпей калган жарандарды туумун кебөйтүп жибербей, каражатты төгүп коюуну эскертти.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ