Menu

Кадрдык жүрүштөр

Бөлүшүү:

Өткөн аптада бир катар кадрдык жүрүштөр орун алды. Алсак КСДПнын көптөн күткөн курултайында экс-президент Атамбаевди жандап жүргөн УКМКнын орун басары, 9-башкармалыгынын башчысы Дамир Мусакеев кызматтан алынып, мамсакчылыктан жансакчылыкка кетти. Бул 9-башкармалык бийликтин бийик сересиндеги мен-мен деген көзүрлөрдү гана кайтаруу вазийпасын аркалайт. Эми Дамир мырза экс-президент Атамбаевди эле кайтарат. Көп өтпөй эле, бош калган орунга коомчулукка анча белгисиз Токтосун Сабыров дайындалды. Бул дайындоодон көп өтпөй, УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев, анын орун басары Болот Сүйүнбаев иштен алынды. Учурда төрага болуп ким келээри табышмак болуп турат. Ал эми Сүйүнбаевдин ордуна ошол эле күнү Идрис Кадыркуловду дайындап ташташты.

Качан болсо алкынды самындай жылмышып колго токтобой, суудан кургак чыгып көнгөн вице-премьер министр Аскарбек Шадиев кызматтан кетүүгө арызын жазды. Шадиев парламенттеги Чыңгыз Айтматов сыйлыгына деп бөлүнгөн 30 миң доллардын жоголгону боюнча иликтөө акыйкат жана бейтарап жүрүшү үчүн кызматтан кетүүнү туура көргөнүн айтып жойпуланууда.

ТЭЦти модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында “Электр станциялары” ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Биримкулов кармалып, УКМКнын тергөө жайына камалды. Кыдырбаевдин ордуна азырынча эч ким дайындала элек.

Коомчулуктун сынына кабылып келе жаткан Саламаттык сактоо министрлиги да кадрдык дайындоолордон кур калган жок. Алсак, көпчүлүккө анча белгисиз Эркин Чечейбаев деген чекчейип, Батыралиевдин санарип тармагын өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалды.

Эл өкүлдөрүнүн бир катар сындарына тушугуп келген, ар дайым парламентке келгенде кыргызча сүйлөгөндөн кыйналган юстиция министри Уран Ахметов да кызматынан алынды.

«Кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп» көнүшкөн салыкчылардын өлкөнүн бюджетине түшчү каражаттарды кымырып келишкен схемасынын бети ачылды. «Кызыл-кызыл кекиртек кыйла жерге секиртет» болуп, кулкуну жаман кызматкерлер салыктан түшкөн миллиарддаган сомдорду сол чөнтөккө салып келишкен жоруктары билинип, салык кызматынын башчысынын орун басары Кубанычбек Кумашев деген камакка алынды. Анын артынан паровоз болуп кетчүлөрдүн түн уйкусу бузулуп турган убак. Ал дагы жөн жатпай, бир топ тиешелүү адамдарды ала кетээри турган иш. Анткени олчойгон суммадагы каражаттарды аш кылганга ал байкуштун ашказанынын алы келбейт. Ала жатчусун ала жатабы же баарын мойнуна алып кете береби убакыт көрсөтөт. Бирок мындай майлуу орун бош калбайт дегендей, ал кызматка Замирбек Чекирбаев дайындалды.

Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин орун басары Алмазбек Абдыкаров да иштен алынып, анын ордуна Мирбек Акматалиев дайындалды. Дагы бир мандемдүү делген, май талкандуу фонд материалдык резерв фондунун башчысы Гүламжан Анарбаев кызматынан алынды.

Өткөн аптанын дагы бир чуулгандуу окуясы борбор шаарыбыздагы маршруттук таксилердин шаар тургундарына эскертүүсүз ишке чыкпай иш таштоосу болду. Бул жолуң болгурлардын койгон талабын уксаң оозуң ачылат. “Жол кирени 15 сом кылып, каалаган жерден токтоп, экинчи чийинден бурулуу укугун бергиле” дейт. Мына ушул жоопкерчиликсиз айдоочулардын арты менен мэриянын астындагы транспорт башкармалыгынын башчысы Абдрахим Абдрасулов иштен алынды. Бул май талкандуу кызматка буту үзүлө чуркагандар көп дешет. Алардын бири шаардык кеңештин экс-депутаты Хасан Алимбеков экен.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: