Menu

Тажикстан өкмөтү калктын аярлуу катмарына акчалай жардам берет

Бөлүшүү:

Тажикстан бийлиги пандемия маалында калктын аярлуу катмарына кирген топторго эң төмөнкү айлык акынын өлчөмүндө бир жолку акчалай жардам берүү жөнүндө токтом чыгарды. Өлкөдө минималдык маяна 400 сомони же 39 долларды түзөт.

Токтомго ылайык, тиешелүү органдар 1-августка чейин жардам алуучу кишилердин тизмесин түзүшү керек.

Тажикстанда калктын аярлуу катмарына майыптар, жетимдер жана аз камсыз үй-бүлөлөр кирет. 2018-жылга карата 85 миң жакыр үй-бүлө мамлекеттен социалдык жардам алып келген.

Соңку расмий маалыматтар боюнча өлкөдө 6457 киши вирус жуктуруп алды, алардын 55и көз жумду.

Өкмөт социалдык чыгымдар үчүн эл аралык уюмдарга кайрылып, 400 млн доллар суроого аргасыз болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: