Menu

Кыргызстанга кандай президент керек?

Бөлүшүү:

Президенттик шайлоо жакындап келе жатат. Биз дагы эле эски адатыбызга салып, бул болот, тигил жакшы, ал түштүк, бул трайбалист, бул чарбачыл, тигил орусиячыл, батышчыл, ушул сыяктуу көп жыл адат болуп калган ойлордон, пикирлерлен, дароо эле айтайын пайдасыз, керек болсо зыяндуу ойлордон, идеялардан арыла албай келебиз.

Экономиканы көтөрөм, иш менен, кредит менен, дагы башка көр тирликтин көйгөйлөрүн чечем деген президентке көп ишенип кереги жок. Бир дагы президент, анын командасы бул маселелерди чече албайт. Дүйнөдө глобалдаштыруу процесстери жүрүп жатат. Баары ошолордон көз каранды. Эң кыйынмын деген президент да жок эле дегенде ошол процессттерди түшүнө алса, ошолорго адаптация кыла алганга кудурети жетсе ошого да шүгүр деш керек.

Бул албетте президенттен эч нерсе күтүп кереги жок дегенди билдирбейт. Президент биринчи кезекте өлкөнүн мамлекеттик түзүлүшү жөнүндө так түшүнүгү болушу зарыл. Экономикалык, социалдык процесстер эволюциялык түрдө, өзүнөн өзү чечиле берет. Капитализм системасынын эң негизги принциптери, жашоого иммунитети ушуга негизделген. Саморегулирующая система.

Акаев өтө куу адам болгон. Азыркы башаламандыктын баары ошол кишиге келип такалат. Биздин өлкө эгемендиктин алгачкы жылдарында эң чоң ката кетирген. Президент жана премьер министр институтун тандап алып. Акаев жана анын командасы, бийликти беш колдоп чеңгелдешип, бирок жоопкерчиликти ПМга жүктөп коюшкан. Кичине саясий же экономикалык кырдаал начарласа, ПМди иштен айдап, элди, коомчулукту алдай алышпаса да, сооротуп турушкан.

Кошуна өлкөлөр: РК, РТ, Узбекистан, Туркмения деле ушул эле институттарды тандашкан. Бирок аларда президенттери эч качан иштен да, жоопкерчиликтен да качышкан эмес.

Кийинки президенттер мына ушул президент жана ПМ институнун белгисиз, түшүнүксүз абалынан куп эле пайдаланышты. Өздөрү каалаган иштерди, саясатты ПМ колу менен жасашты. Калмышында, эч ким эч нерсеге жооп берген жок, эч ким  өнүгүшү үчүн аракет да кылган жок. Азыркы президент, буюрса, жакынкы жылдары Борбор Азиядагы эң алдыңкы өлкө болобуз деп
айткан эле. Ошол жылдар деле өтүп кетти. Башка өлкөлөр бизди эле карап турушат бекен, качан алар алдыга кетет деп. Алар эбак алдыга кетишкен.

Биздин өлкө келечекте эмес, жакынкы жылдары: США, Франция; же Италия, ФРГ, Индия; булар мисал катары эле. Великобритания, Япония бизге туура келбейт. Аларда номинально болсо да
монархия түшүнүгү бар. Ушундай системага өтүшүбүз керек. Же президент башкарган, же ПМ башкарган парламенттик өлкө. Господин Текебаев жазган Конституция жарабайт. Мамлекеттик түзүлүштү тактайм деген президент келиш керек. Капитализм системасы жөнүндө айтып өттүк. Ал жерде баарын рынок чечет. Мамлекет ошол рынок койгон чектен аша албайт. Демек президент, социализм доорунун убадаларын айтып элге калп айтпашы керек.

Ушул маселе чечилсе, анда керт башы менен өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берген адам президент катары баарын четинен чече берет.

Мына, Өзбекстан президенти, эч кандай репрессия, эч кандай каршылыксыз эле, канча жыл тоталитардык системада жаткан өлкөсүн оңдогонго аракет жасап жатат. Себеби анын полномочиелери жогору жана фактически; реалдуу. Албетте Өзбек президенти идеалдуу деп айтыштан өтө алысмын. Ал адам көп жылдар командалык, жеке адам башкарган системанын кадры.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: