Menu

Чубак ажы сойку деп атаган блогер айрым ЖМКларды сотко бериши мүмкүн

Бөлүшүү:

Учурда Америкада жашап жаткан Кыргызстандык блогер Динара Самет экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун анын дарегине айткан комментарийлерин жарыялаган массалык маалымат каражаттарын сотко берүүнү пландап жатканын билдирди.

Эскерте кетсек, блогер өзүнүн Facebook баракчасына экс-муфтий Чубак ажыны жана Ислам университетинин мурунку ректору Абдышүкүр Нарматовду экстремисттикке айыптап, аларды текшерүүдөн өткөрүш керек деген. Мындан тышкары аларды Россия жана Америка өлкөлөрүнө киргизүүгө тыюу салыш керек деп сунуштаган.

Буга жооп катары диний ишмер Чубак ажы Жалилов блогер Динара Саметти мурда сойку болчу деп жарыялаган.

Динара Самет Чубак ажынын сөзүн четке кагып, аны бул нерсенин баарын өзүн пиар кылыш үчүн айтып жатат, ал эми анын сөздөрүн элдерге сенсация жаратуу үчүн гана жарыялап жаткан сайттар мыйзамдуу түрдө жоопко тартылат деп билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: