Москвадагы кымбат балуу эки чоң соода борборун сатып алып, жарым миллиард долларга жакын инвестиция салган кыргызстандык ишкерге кыргыз коомчулугу таң калууда. Ал ишкердин аты-жөнү Владимир Кирюша. Билимди Ригада алган. Ал аз күн мурун Москвадагы чоң бизнесмен Сергей Гордеевге таандык Москвадагы “Саларис” жана “Ривьер” соода борборлорун Кыргызстанда катталган “KLS Securities” инвестициялык фонду аркылуу сатып алды.
Ишкер Кирюшанын наамына Кыргызстандын Юстиция министрлигинде: “Factum”, “Элдик тоо-кен”, “Интеркоммодити” жана “Ниет-Аракет” деген компаниялар катталыптыр. Кыргыз коомчулугунда көпчүлүк 450 миллион долларды Орусияга эмес Кыргызстанга салса болмок деген кептер айтылууда. Бул эми бекер кеп. Ниети, жан дили Орусия тарапка бурулуп турган ишкер канча айтсаңар да, мындай чоң суммадагы акчаны Кыргызстанга сарптабайт.
Булак: “Багыт“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ