Menu

Элмира Сатыбалды кызы, айтымчы: “Сапар Исаков сынып, духу түшүп калыптыр”

Бөлүшүү:

“Мурун касиеттүү жолдо жүргөндөр ар кимибиз өз алдыбызча аракеттенип жүргөн болсок, Манас атанын касиети, руху, духу биздин башыбызды бириктирди. Биз эми Кыргызстанды сактап калалы, тынчтык орнотолу, элди бөлүп-жарган жаман иштерди алдын алалы деп касиеттүү жолдогулар бирдикте аранеттене баштадык” деген Элмира Сатыбалды кызын кепке тартып, айрым суроолорго жооп алдык.

“Атамбаев үч жарым же 7 жылда эркиндикке чыгат”

– Атамбаев өзүнө өзү кол салбайт. Ал акыйкаттыкты башкадан эмес, кудайдан күтүп жатат. 7 жылда же үч жарым жылда чыгат. Ал мезгили келгенде өз баасын алат. Атамбаевдин адвокаттары акыйкаттык үчүн эл аралык сотко чейин кайрылат. Көп кагаздар ары-бери ташылып жатканын көрсөткөн аян келди. Ал азыр өзүн күнөөлөп, өзүн жоготуп жаткан жок. “Мен акмын. Кези келгенде актыгымды далилдейм. Болгону, саясаттын гана курмандыгы болуп калдым”- деп өзүнө ишенип, сабыр кылып отурат.

“Сапар Исаков саясатка аралашпайт..”

-Сапар Исаков сынып, руху, духу түшүп калыптыр. Ал үй камагына чыкканы менен эч нерсеге жарабай, ден соолугунун айласын издеп, өз жаны менен алек болуп калат. Мындан ары саясатка аралашпайт. Кара жанынын айласы менен алек болот. Анткени, Сапар Исаков көзүгүп калган. Ошол нерсе өтүшүп отуруп, психологиялык басым сындырып отуруп, азыркыдай абалга кептеп койду.

Жакында аны күнөөлүү кылган чечим чыгат. Бир канча каражатты төлөөгө мажбур кылат. Кыскасы, баш көтөргүс кылып туш тарабынан сындырышат.

Сапар Исаков буга чейин Атамбаевден колдоо күткөн. Ал чыгарып кетет деп ишеним арткан. Атамбаев камалып калганда түңүлүп, өзүн да таштап койгон. Ооруусу да күндөн күнгө күч алып жатат. Ал тез арада молдого дем салдырып, тазаланбаса абалы мындан да оорлойт.

Сапар Исаковдун атын айтканда, талаага жай казылган сары гүлдөр курчаган аян келди. Бул нерсе Сапар Исаковдун руханий дүйнөсүнүн баары өчүп, өлгөнгө барабар болуп калган абалга кептелгенинен маалымат берет. Эгер муну дагы төө бастыга ала берсе, адамдык укугун эске албаса, ооруп отуруп жан бериши мүмкүн экенин алдын ала айтып жатышат. Бийлик адамгерчилик кылып, кордук көрсөтө бербей укуктук жагын да карашы керек. Болбосо анын абалы нааразычылыктын чыгышына, бийликке ишенимдин жоголушуна шарт түзүп коюшу да мүмкүн.

“Бийликтин тилин таптык дегендер сак болбосо, камалып калышы мүмкүн”

– Саясат шахмат оюнундай болуп жатат. Азыр көптөр пешка болууда. Азыр бийликке жактык дегендер да сак болушу керек. Азыркы бийликтегилер опурталдуу. Башкача айтканда, алар менен эсептешкендей түр көрсөткөнү менен, алар күтпөгөн учурда камап салат.

“Жантөрө Сатыбалдиев жеңил жаза алат”

– Жантөрө Сатыбалдиев Сапар Исаковдой жаза албайт. Камалса да жеңил жаза алат. Атамбаев менен чогуу иштеген, байланышы бар адамдарды саз соруп жатканын көрсөткөн аян келди. Саз адамды эч качан коё бербейт. Ал сорот. Саздан адамды бирөө чыгарбаса чыкпайт. Атамбаевдин тарапташтарын да бирөө чыгарбаса, алар өзү эле эркиндикке чыга бербейт.

“Текебаев саясаттан кетип, жаштарга устат болот”

– Текебаев мындан ары эл күткөндөй, башкалар кооптонгондой саясатка кийлигишпейт. Кийлигишүүгө аракет да кылбайт. Текебаев мындан ары саясатта кадрларды таптоо менен алек болот.

“Бабановго бирөө сары гүл берди”

– Бабановдун мындан аркы тагдыры өзүн алып жүрүшүнө жараша болот. Башкача айтканда, анын кадамдары келечегин аныктайт. Ошон үчүн ойлонуп кадам ташташы керек. Бирок, Бабанов башкалар ойлогондой саясатка аралашып, маанилүү ролдорду ойноону көздөгөн жок. Ал азырынча Кыргызстанга келгенине, өз эли жеринде ээн эркин басып жүргөнүнө гана ыраазы. Ал эли жеринен алыс болуп, мекендин кадырын, элдин кадырын билди. Ошон үчүн азыр саясатка киришип, азапка башын салгысы келбейт. Бирок, жогору жак ал тынчыган сайын кооптонуп, дагы нени баштап жиберет деп болушунча кылмыш иштерин козгоо менен алек болуп, колу-бутун байлап, саясатка аралаштырбоонун аракетин көрүп жатышат. Мага түшкөн аянда Бабановго бирөө сары гүл берди. Санаа берди. Туура жүрсө азыркы бийлик менен шахматтын оюнун туура ойнобосо, ичке темир тордун бетине тартылып турганын көрсөтүп турат. Камабаса да колу-бутун байлап камап салганга барабар иш кылышат. Ошон үчүн ага катар-катар кылмыш иштерин ачып жатышат.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: