Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынып, желегибизди желбиреткен Айсулуу Тыныбековага президент Сооронбай Жээнбеков үч бөлмөлүү батирдин сертификатын тапшырды. Ошондой эле анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков акчалай сыйлык менен сыйланды. Бул тууралуу Н.Изабеков билдирди.
Эскерте кетсек, 20-сентябрда Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча мелдеште 62 килограммга чейинки салмакта, алтын байге үчүн болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен күч сынашып, 5:3 эсебинде жеңишке жетип, дүйнө чемпиону болгон. Анын жеңишин чоң кубаныч менен кабыл алган президентибиз Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу аны куттуктаган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ