Буга чейин президент Алмазбек Атамбаевге «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев катылып, катуу маанайда каршылашууга барган эле. А башкалардын анчейин жүрөктөрү даабай, кетенчиктеп калышкан болчу.
Эми болсо, Канатбек Исаев капталдан качырып, Атамбаевдин кадрдык саясатын сындап, «өз көмөчүнө күл тарткан» маанидеги жүрүштөрүнө токтолду. Маселен, Сапар Исаков, Сооронбай Жээнбеков, Албек Ибраимов, Асел Кодуранова, Кубанычбек Кулматов, Аалы Карашев, Болот Отунбаев, Акьшбек Султанов жана башка кадрларды дайындоодо президенттин өзүмчүлдүк саясатын жарыялады.
Ал эми жакынкы күндөрдө Канат Исаев бийликтеги коррупциялык, криминалдык элементтерди ачууга белсенгенин эшиттик. Учурда бир топ материалдарды топтоп, анализдеп атканы, анан жума сайын «бомба» жара баштаса, коомчулуктун назары бурулат го? Ошол эле маалда Канат мырзанын саясый рейтинги өсүүдө, бирок, анын артынан прокуратура, дээрлик күч органдары кылмыш издей башташканы маалым. Мындай иштердин аягы жакшылык менен бүтпөсү белгилүү. Саясый куугунтукту өнөр туткан мурдагы эки бийлик эмне болгонун көрдүк. Дал ушул өңүттөн алганда, бийлик күчкө сала бербей компромисстик жолдорун ойлонсо болбойбу?..
Сакен Бөрүбаев
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ