Menu

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын аянтчасында Чыңгыз Айдарбеков ЕККУнун Башкы катчысы менен жолукту

Бөлүшүү:

Кечээ, 24-сентябрь күнү БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын аянтчасында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун ЕККУнун Башкы катчысы Томас Гремингер менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЕККУнун Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгүнүн 20 жыл аралыгында коопсуздуктун үч өлчөмүндөгү – аскердик-саясий, экономикалык-экологиялык жана гуманитардык багыттардагы кызматташтыкта жетишилген прогресс канааттануу менен белгиленди.

Ч.Айдарбеков улуттук жана регионалдык коопсуздукту камсыздоодо көмөк көрсөтүү максатында ЕККУ менен активдүү өз ара аракеттенүүнү улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар Кыргызстан менен ЕККУнун мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелерин кенен-кесири талкуулашты жана кызматташууну бекемдөө ниетин билдиришти. Өлкөнүн өнүгүүсүнүн улуттук стратегиялык документтеринин алкагында артыкчылыктуу милдеттерди ишке ашырууда ЕККУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө колдоо көрсөтүүнү улантат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: