Menu

Маалымат Атамбаев жана тапанча маселесине такалды

Бөлүшүү:

Өкмөттүн аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы Егор Скобеев кармалды. Биринчи Май райондук соту Скобеевдин бөгөт чарасын карап, ал 17-ноябрга чейин УКМКнын абагына камалды. Алгач аны Аскер прокуратурасы коррупцияга шек саналып жатканы тууралуу маалымат бергенин жазышкан. Бирок көп өтпөй маалымат башка нукка бурулуп кетти. Бирок, андагы маалыматтарга ылайык, Скобеев азырынча тергөө иштери менен иштешүүгө макулдугун бербей көрсөтмөлөрдөн баш тартып жатканы айтылат. Ал кармалган учурда жүрөгүнөн инфаркт алып, ооруканага жеткирилген. Аскер прокуратурасынын тараткан маалыматына таянсак, анын үйүн тинтүү учурунда мергенчилик курал жана Калашников автоматынын октору табылган. Атамбаев тарабынан россиялык криминал, коомчулукка “Решала” каймана аты менен белгилүү болгон Максим Каганскойго жана анын Анастасия аттуу аялына белекке берилген 3 тапанча тууралуу кылмыш иши козголуп, ошонун негизинде Скобеев да кармалган. Тапанчаларды белекке берүү боюнча чечимге Атамбаев премьер-министр убагында кол койгон. Өкмөттүн сайтындагы маалымат боюнча, Егор Скобеев эмгек жолун 1995-жылы ички иштер органдарында баштаган. 2016-2018-жылдары Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү комитетинде консультант болуп иштеген. 2018-жылдын апрелинен тарта өкматтүн аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы болуп иштеп келет.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: