Menu

Сүйүчү! Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарынын да чемпиону аталды

Бөлүшүү:

Жакында эле дүйнө чемпиону болгон даңазалуу балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарынын чемпиону деп таанылып, ага расмий түрдө алтын медаль ыйгарылмак болду. Бул сүйүнүчтүү кабар тууралуу спорттук баяндамачы Кабыл Макешов маалымдайт.

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Азиянын үч жолку чемпиону Айсулуу Тынбекова былтыр Индонезиянын  борбору Жакарта шаарында өткөн 18-Азия оюндарында кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча 62 кг чейинки салмактык категорияда бардык атаандаштарын утуп, финалда монголиялык Орхон Пуревдорж менен беттешип, аз упай айырма менен утулуп, күмүш медаль тагынган.  2018-жылдын  3-сентябрында Азия Олимпиадалык Кеңеши  монголиялык балбан кызынын канынан кызымта колдогонун аныктап,  анын жыйынтыгы, Азия оюндарындагы жеңиши жокко чыгарылган.

Эми Айсулуунун күмүш медалы үчүнчү орунду ээлеген жапониялык Рисако Каваига берилет. Коло байгелердин ээлери вьетнамдык  Ти Нгуэн менен Түндүк Кореянын өкүлү Йонг Сим Рим  болуп саналат.

Кыңыр иш кырк жылда эмес, кырк айга да жетпей монголиялык балбан кыздын абийри айрандай төгүлүп, алтын медалынан айрылды.

Акыйкат, актын ар дайым жеңип, Айсулууга кош кубаныч алып келип, дүйнө чемпиондук алтын медалынын жанында дагы бир алтын байге Азия оюндарынын чемпиондук наамы жарашып эле калмак болду. Президентибиз Сооронбай Жээнбеков дагы Айсулуунун жеңишин жогору баалап, эгемен өлкөбүзгө биринчи алтын медаль тартуулаганына кубанып, Бишкек шаарынан 3 бөлмөлүү батир тартуулап, дагы жеңиштерге шыктандырып койду.

Азаматсың Айсулуу! Азия оюндарынын чемпиондук алтын медалыңдын жанында 2020-жылы Токио олимпиадасынын дагы алтын медалы болсун деп тилек кылып, колдоого алып, сүрөп туралы!!!

Баса, Айсулуу 2014-жылы Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн 17-Азия оюндарында дагы коло байгелүү болгон. Азия оюндары биздин контитенттин кичи олимпиадалык оюндарына тете. Төрт жылда бир өткөрүлүп турат.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: