Menu

Атамбаевдин кыргыз кайын энеси Исмаил Исаковго “асылды”…

Бөлүшүү:

7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяларды иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия кечээ, 26-сентябрда кезектеги жыйынын Чүй облустук администрациясында өткөрдү. Ал жыйынга Кой-Таш, Арашан айылынын тургундары менен кошо Атамбаевдин тарапташтары да катышты. Эки айылдын тургундары сүйлөбөй, Атамбаевдин тарапташтары эле ажылдап, кыйкырып сүйлөп, комиссия мүчөлөрүн талап жатышты. Атүгүл, комиссиянын мүчөлөрүнүн арасынан Атамбаевди жек көргөн адамдарды (Артур Медетбековду, Талант Мамытовду, Алишер Мамасалиевди)  тизмеден чыгарып салууну талап кылышты.

Эң кызыгы Атамбаевдин мурунку аялынын апасы Гүласал Теңизбаеванын сүйлөгөнү болду. Ал комиссия мүчөсү Исмаил Исаковго суроо берип, 2009-жылы ал камалганда аны коргоп чыкканын айтып, ошондогу сүрөтү чыккан кагазды көрсөттү. “Ошондо сенин апаң да сүйлөгөн. Ошол сыяктуу биз дагы апабыз”,-деп Атамбаевдин кармалышы, камалашы туура эместигин айтты.

Атамбаевдин мурунку аялынын балдары…

Алмазбек Атамбаевдин биринчи никесинен (Бүажар аттуу жубайынан) эки уул (Сейитбек менен Сейтек), эгиз кыздары (Диана, Динара) бар. Кийинкиси “атактуу” Раиса Атамбаева, андан сүрөтчү кызы, коомчулуктун сынына көп кабылган Алия Шагиева жана акыркы күндөрү “саясатка аралашам” деп көп сүйлөп чыгып жаткан Кадыр Атамбаев аттуу балдарды бар. Бүажар аттуу аялынын апасы Гүласал Теңизбаеванын кечээ сүйлөп, мурунку күйөө баласын жактап жатканы, төрт небересин жактаганы. Себеби, Сейитбек небереси да учурда Кой-Таш окуясы боюнча сурак берип жүрөт.

Эскерте кетсек, мамлекеттик комиссия 29-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен түзүлүп, ишти тыкыр изилдеп, иликтөөгө бир ай убакыт берилген. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектеген комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер кирген. Алар УКМК, ИИМ, Аскер прокуратурасынын жетекчилерин жана Кой-Ташта катышкан көрүнүктүү адамдарды сурап бүтүштү. Алардын жыйынына Атамбаевдин жакын адамдары, депутаттар Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкина үч жолу чакырылган, алар жооп берүүдөн баш тартып жүрүшөт.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: