Тажик президенти Эмомали Рахмондун куда-сөөгү башкарган бизнес тармагы акыркы маалда солгундап, Дүйшөмбүдөгү ар түрдүү объекттери сатылып жатканы белгилүү болду.
Eurasianet басылмасы Чехияда чыккан “Аkһbоr” сайтына таянуу менен Рахмондун кудасы сатып жаткан ири бизнес жайлары тууралуу маалымат чыгарды. Тажик президентинин кызы Заринанын кайнатасы Бег Сабур башкарган компания сентябрь айында Дүйшөмбүнүн чок ортосуңдагы алты кабаттуу мейманкананы базар баасынан арзан, 500 миң долларга сатып жиберди. Бул имарат эки ай мурда курулган.
Сабурдун уулу башкрган «Минионс» аттуу балдардын ири оюн-зоок борбору алты ай мурда жабылып, азыр жаңы кожоюндары иштеткени турат. Сабур башында турган өлкөнүн телекоммуникация тармагы үчүн курулган 30 кабаттуу имаратты да былтыртан бери кара кулпу кайтарууда. Бул имараттын мамлекеттик деген статусу болгону менен ачылгандан бери эле Сабурдун жетегинде болчу.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ