Бүгүн, 16-октябрда Айбек Бузурманкулов өкмөттүн Талас облусундагы жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү катары көрсөтүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты.
Буга чейин кадрдык өзгөртүүлөрдү премьер-министр Садыр Жапаров бекиткен.
Маалыматка ылайык, жаңы жетекчини вице-премьер-министр Максат Мамытканов тааныштырды.
Буга чейин ыйгарым укуктуу кызматты Марат Мураталиев аркалап келген.
Айбек Бузурманкулов 1983-жылы туулган. “Жерүй” алтын кенин иштетүү боюнча активдүү сүйлөгөндүгү менен белгилүү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ