Menu

2005-жылдагы Бекназаров менен азыркы Бекназаровдун айырмасы асман менен жердей да…

Бөлүшүү:

Бир нече жылдан бери кызматка жетиш үчүн жанталашып, кээде курултай менен бийликке сес көрсөтүп, айтор, эптеп-септеп «устакан» өндүрүү максатында түрдүү «трюктарды» жасай коюп жүргөн айтылуу Азимбек Бекназаров 7-октябрда маалымат жыйын уюштуруп, ой-тоонун башын чаргытканга аракеттенди. Негизи, төрдө отурчу куракка жеткен аксакалыбыз шүгүрчүлүк кылса болмок, анткени, элге түзүк эле эркеледи да, эй! Эки төңкөрүштүн «жемишин» жеп, Башкы прокурорлук кызматты тизгиндеди. Арманы деле калган жок. Азырчы? Жаңы бийлик баласын кызматка койду. «Бульдозер» ага ыраазы болбой экинчисин да түртүп жатат. Өзү болсо элчиликке кусамат урууда. Маалымат жыйындагы сөздүн төркүнү ошого барды. Анда талдап көрөлү.

А.Бекназаров:-Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда мен ага Атамбаевге башкача мамиле кылуу керектигин айткам. Кыргыздарда эч качан бир башкаруучу башкасын түрмөгө отургузган эмес. Мен Атамбаев үчүн атайын режим түзүүнү, аны үй камагына алууну жана ал таптакыр таасир эте албаган тергөө жүргүзүүнү сунуштадым.

Де-Факто: —Азикенин бул айтканына таптакыр түшүнбөй, боорукер боло калганына акылыбыз жетпей турат. Көздү кызарткан кызыкчылык барбы? Же жарыктык киши карылыкка алдырганбы? Дегенибиз, Азикебиз өзү уюштурган курултайда Атамбаев камалсын деген талап менен кыйкырып чыкпады беле? Аны унутуп калдыбы? Андан мурдараак Атамбаевге өтө оор айыптарды тагып, түрмөнүн төрүндө чирий турган адам экенин билдирген. Танып кетпеши үчүн 2014-жылы 26-мартта «Майдан» гезитинин №11 (140) санына чыккан маегиндеги: «Атамбаев бийликти узурпаниялап алды» деген сөзүн эске салып коелук. Бул кылмыш кодексиндеги эң оор айып.

А.Бекназаров: —Убактылуу Өкмөт өзүнүн миссиясын аткарды, Конституциялык реформа жана таза шайлоо өткөрдү. Тарыхты бурмалабаш керек. Бизди банк кутучаларынан акча таркатты деген туура эмес.

Де-Факто: —Темир Сариев менен болгон сүйлөшүүнү кайда катабыз? Тарых аны да унуткарбайт.

А.Бекназаров: —Президент Сооронбай Жээнбеков мага түрдүү кызматтарды сунуштады. Мен ага Курултайда көтөрүлгөн маселелер чечилмейинче, эч жакка кетпейм дедим. Бийликте бир гана Президент Курултайдын чечимин колдоодо. Президенттен башка эч ким биз менен сүйлөшкөн жок.

Де-Факто:—Сунуш болушу мүмкүн, бирок кызматтан баш тартуу сиздин принципке туура келбесе керек. Бул сөздөргө эл ишенбейт.

А.Бекназаров: —Биз көптөн бери «Кумтөр» боюнча макулдашууну жокко чыгаруу маселесин көтөрүп келе жатабыз. Жогорку Кеңештин бир депутаты же бир фракциясы аталган маселени көтөргөн жок.  Конституцияда кен байлыктар экономиканы өнүктүрүүгө кызмат кылышы керек деп жазылган.

Де-Факто:—Азимбек Анаркулович, сүйлөсөм эле эл ишене берет деп ойлойт окшойсуз. Эгер айтканыңыз чын болсо, эмне үчүн төңкөрүштөн кийин эмне үчүн улутташтырган жоксуз? Жеке сиз улутташтыруу маселесин тизгиндегенсиз да.

А.Бекназаров: —ЖМКда мени Малайзияга элчиликке дайындалды деген маалыматтар чыкты, бирок мен али чече элекмин. Муну мен Президент менен жолугушуудан соң чечем. Бизде талкуулай турган көп нерселер бар. Конституциялык реформа, кен байлыктар. Кыргызстандагы саясатчылар алар – бизнесмендер. Алар башка мамлекеттин агенттери. Мисалы Жерүй маселеси, 105 тонна байлыгына ээ боло албай келген дагы кайсыл мамлекет бар?

Де-Факто: —Азыр деле өзүңүз жөнүндө оюңуз өтө бийик окшойт. 2005-жылдагы Бекназаров менен азыркы Бекназаровдун айырмасы асман менен жердей экенин али күнчө аңдап биде элексизби?

А.Бекназаров: —Өзбекстанда 70% көбү мамлекеттин колунда. Россияда «Газпром», «Роснефть» компанияларынын 51% мамлекетте, Монголия Центерраны кууп чыкты.

Де-Факто: —Революциядан кийин Центерраны сиз эмне үчүн кууп чыккан жоксуз?

А.Бекназаров: — Былтыр Атамбаевдин 6 жылдык бийлигине баа бердик. Эми азыркы Президент менен бийликке баа беребиз. Мурун биз иш кылбаса кетсин дечү элек. Ал эми азыр биз Курултайда баа берип калдык. Бул демократиянын белгиси.

Де-Факто:—Бул ультиматумдун маданияттуу жолу эмеспи? Кызмат бербесең, көрсөтөбүз деген.

А.Бекназаров: —2020-жылы Жогорку Кеңешке шайлоо менен бирге Курултайда коюлган 3 маселени дагы коюп бергиле деп сурап жатабыз. Анткени элден сурабай эле көп нерсе чечилип калып жатат. Бизге Президенттик же Парламенттик башкаруу керекпи? Жогорку Кеңешке шайлоо кандай болушу керек жана башка суроолорду койбой эле бир ууч топ чечип коюп жатат.

Де-Факто: —Ка-а-п, 2010-жылдагы революциядан кийин ушул маселени неге ойлонбодуңуз экен?

А.Бекназаров: —Курултайда Жогорку Кеңешке баа берилип турушу керек. Эгерде «2» деген баа берилсе ан да сөзсүз кетиши керек. Бааларды 20 киши эле берип койбойт. Бизге региондордон баа берилип келет.

Де-Факто: —Баяле ушинтип айтпайт белеңиз, миң кагазга орогон менен баари бир курултайдын ниетинде «кетсин» деген сөз бар экен да.

А.Бекназаров: —Кыргыз элин 3-революцияга чакырбайм. Мен дүйнөнүн революциясына чакырам.

Де-Факто: —Ал кандай революция болду экен? Табышмактатпай түз эле айтпайсызбы?

А.Бекназаров: —Эки Президентти кууп чыктык. Алар куруп кеткен коррупциялык системага алыбыз жетпейби? Жетет. Баарыбыз биригишибиз керек.

Де-Факто:—Ошондо не кылышыбыз керек? Биригебиз, анан? Сөздү аягына чейин айтыңыз…

А.Бекназаров: —Азыркы Президенттин ниети таза. Эл эмне десе ошону жасайм деген ниети бар. Ушул Президент менен иш алып барганга мүмкүнчүлүк бар. А мурунку Президент андай кылган эмес.

Де-Факто:—Эл бышты, куру сөзгө алданбайт. Эми кошомат гана керек. Башка жол жок.

А.Бекназаров: — Кыргызстандын байлыгы кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн жумшалыш керек.

Де-Факто:—Кандай гана эпитеттер. Ушул сөздөр Башкы прокурор болуп турганыңызда айтылса кана аттиң.

А.Бекназаров: —Ушул жума Президент менен жолугушабыз.

Де-Факто:—Ошого чейин ажону жакшылап мактаңыз, элчилик чечилип калар.

А.Бекназаров: —Президент мага бир нече мамлекеттерге элчи бол деп сунуштады. Мен макулмун, бирок сатылып кеткендей болуп калам го дедим.

Де-Факто:—Туура ойлонуптурсуз. Эртең курултайчылар кыйкырып чыкса, абийириңйз айрандай төгүлбөйбү ботом.

А.Бекназаров: —«Мегакомду», көлдөгү «Витязь», «Солнышко» пансионаттарын биз улутташтырдык.

Де-Факто: —Эсиңизге жара чыгып, ошондо «Кумтөрдү» унутуп калганыңызды караңыз…

А.Бекназаров: —Биз Убактылуу Өкмөттөн кеткенден кийинки бийлик биздин ишибизди уланттыбы?

Де-Факто:—Азыр сурап атканыңызга таңбыз. Кечигип калган жоксузбу?

А.Бекназаров: —Жаңы парк түзүлдү. Аны ким алды, Данияр Үсөновдуку болчу биз алдык. Кыргыз – Россия фондундагы 350 млн доллар акчаны чыгарып кетишкен. Биз Путиндин жардамы менен Кыргызстанга кайтардык.

Де-Факто: —Кайтарылганы жакшы экен. Бирок, ошол акчалар кайда, дарегин так билесизби?

А.Бекназаров: —Чекара, Каркыра, Үзөңгү-Кууш маселелерин, баарын, мен бийликте жүргөндө айткам.

Де-Факто: —Айтылганы менен ал аткарылбаса, анын пайдасы барбы? Ошол Үзөңгү-Кууш боюнча аксылык алты азаматты шейит кетиргендерди жазалайбыз деген сөздөр да жерде калбадыбы.

А.Бекназаров: —Кайсы дипломаттын дипломат деген диплому бар? Журналисттер деле жүрбөйбү? Ага караганда мен саясатчымын го?

Де-Факто:—Кызматка ушунчалык ынтызарсызбы?

А.Бекназаров: — Өзүмдү кыргыздын патриоту деп эсептеймин.

Де-Факто:—Кимдин ким экенине тарых баа берет.

А.Бекназаров: —Көптөргө караганда менин билимим жетет деп эсептейм. Жетекчилерди карап көрбөйсүңөрбү кыргыз тарыхын, маданиятын эмес, кыргыз тилин билбегендер да жүрөт.

Де-Факто:—Өмүр баяныңызда француз тилин да билет деп жүрөт го, кокуй? Аны качан үйрөнүп ийдиңиз эле?

А.Бекназаров: —Президенттин айрым кеңешчилери ошондой кеңеш беришип жатат. Муну бир жакка жибериш керек. Тынч жатпайт деп.

Де-Факто:—Охо-о, ушул жерде ичтеги ой так айтылыптыр. Эки жылдан берки аракеттердин, өткөрүлгөн курултайлардын өзөгү ушунда жатпайбы.

А.Бекназаров: —Президент сунуштаганда мен каршы болдум. «Мага ошончолук эле кызмат берем десеңиз, өзүмдүн кесибиме жараша Кыргызстандын ичинен эле бербейсизби деп. Ал айтты: «Мен койгон кызматка сиз барбайсыз» деп.

Де-Факто:— Президент туура ойдо экен.

А.Бекназаров: —Президентке бир сөзүм менен кармалып калгам. Өткөн жылы 24-ноябрдагы Курултайда докладчы болгом, ошондо мен: «Бүгүнтөн тартып Жээнбеков тарапка өттүм. Кыргызстандын саясатчылары силер дагы талтайбай, башыңарды чечип алгыла деген сөзүм бар эле. Же Атамбаевдин Кой-Таштагы короосуна баргыла же кол кабыш кылгыла» деп. Мен өзүм Президент тарапка өтөм. Биздин идеяларды Президент аркылуу ишке ашырам деп айткам. Ошондон кийин Президент: «Ырас мага жардам берем деп жатасызбы, мага ошол жакка барып жардам бериңиз» деди.

Де-Факто:—Чындап кармалып калыпсыз. Бирок, сиз кетип калсаңыз, курултайчыларга берген сөзүңүз не болот?

А.Бекназаров: —Азыркыга чейин ортончу балам, келиним экөө 2008-жылдан бери качкын деген статус ала албайт жүрөт. Азыр Турцияда, элчиликке консул кылып ишке албайсыңарбы деп барыптыр?

Де-Факто:— Бул жактан ишарат болгон үчүн барды да.

А.Бекназаров: —Руслан ушул жерде айыл өкмөтү болуп иштеп келди.

Де-Факто:—Азыр президенттик аппаратта.

А.Бекназаров: —Кыргыздар кичинекей элбиз. Эртең эле бир жерден жолугабыз. Ошондуктан биз бири-бирибизди эле жазалай, каралай билгенден башка дагы аяп, айкөлдүк, кечиримдүүлүк менен мамиле кылганды да үйрөнүшүбүз керек.

Де-Факто:—Акаев менен Бакиевди да алып келип алсак кантет?

А.Бекназаров: —Рая айым менен бийлеп, сүрөткө түшкөн чиновниктерди да көрдүм. Бирок мен Таластык аксакалдар менен отурдум. Аларга барган жокмун. Аксакалдар менен отургандыктан, алар кичүү болуп мага учурашкан жок, мен да барган жокмун.

Де-Факто:— Канча актансаңыз дагы сиз деген кыргыз саясатынын богу-жини аралашып калган чегине, түшүнүктүү сөз менен айтканда «тусовкасына» бардыңыз да. Барып аралышып, аксакал катары сыйын көрүп алып, «Мен берки жакта олтурудум, аларды көрдүм, бирок, барган жокмун» деп актанганыңыз аксакалдын айтчу сөзүбү?

А.Бекназаров: —Аксакалдарым бар, алар менен кеңештим. 70%ы элчи боло бербейсиңби дешти, 30%ы барба дешти.

Де-Факто:—Процентти алмаштырып, тескерсинен айтып алган жоксузбу?

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: