Menu

Жогорку Кеңеш жөн базар эмес, “мал базарбы?”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, маданият жана саламаттыкты сактоо комиттетининин жыйынында профсоюздардын маселеси каралды. Ага Профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары Рысгүл Бабаева катышып, депутаттардын суроосуна жооп берди.

Анын айтымында, Кыргызстанда профсоюзга 754 миң киши мүчө. Депутат Данияр Төлөнов профсоюздарга канча каражат түшөөрүнө кызыкты. Р.Бабаева уюмдун 70 пайызы калып, 30 пайызы гана тыйын которгонун айтты. Депутат ошол которулган каражаттар кайсыл жакка кетээрин сураганда, Тоо-кен тармагы боюнча профсоюздардын борбордук комитетинин төрагасы Элдар Таджибаев сөз сурап, профсоюздук уюмдар мамлекетке көз каранды эместигин айтып, депутат Кожобек Рысбаевге үч профсоюз уюмдарынан түшкөн каражаттардан 240 миң сом айлык алат деп айтканына нааразы болду. “Бул кызылдай жалган. Эгерде ошончолук айлык алаарымды далилдесеңер, кызматыман кеткенге даярмын. Эгерде далилдей албай, айлыгым айтылган суммадан аз экени ачыкталса, анда кийинки шайлоого катышпай эле койгула”,- деди Таджибаев.

Ал эми депутат Рыспаев: “Суроого жооп берип жатып, шарт койбогула!”,- деп кесе сүйлөсө, депутат Садыр Шер-Нияз: “Биз мыйзам кабыл алып жатабыз. Келгиле, сүйлөшүп алалы, кимге айтылгандар жакпай жатса, төрөгадан суранып турушубуз керекпи!? Маданияттуу териштирбейлиби. Эртең эле ММКлар жөн эле базар эмес, “мал базар” кылышты деп жазышат, ошондуктан сөзгө келели”, – деди.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: