Menu

Текебаевди түрмөдөн чыгарбай туруу чечими жаңы бийликтин авторитетин төктү

Бөлүшүү:

Башкы прокуратура камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароодон баш тартты. Бул көрүнүш «Текебаев мыйзамсыз камалган, ал толук акталып чыгат» деп күткөн коомчулукка түшүнүксүз жана жаңы бийликтин сот реформасы тууралуу айткандарына ишеним болбой, үмүттөргө суу сепкендей болду. Социалдык тармактарда Текебаевди колдогон пикирлер жайнап эле жатып калды.

6О тан ашык расмий документтер, 50дөн ашык күбөлөр Текебаевдин күнөөсүз экендигин далилдеп турса дагы, Атамбаевдин буйругун аткарган соттор жалгыз Маевскийдин жалган жалаасы менен Текебаевди соттоп жиберишти. Анын саясый мотивде, жалган жалаа менен соттолгонун жаш баладан тартып кемпир-чалга чейин билип калышты. Эл аралык укук коргоо органдары, эл аралык авторитеттүү уюмдар дагы өз позицияларын айтып жатышат. Атамбаев «Текебаевди биротоло акталбай тургандай кылып коюп кетейин» деп, анын сотун кыска убакыттын ичинде үч инстанцияда каратып, каматып коюп кетти. Бирок, чындык ар дайым жеңет. Бул принцип мыйзамдарда да каралган. Эгер жаңы ачылган жагдай боло турган болсо, сот өзүнүн мыйзамсыз чечимин кайра карап, кетирген катасын оңдош керек. Мына ушул мыйзам берген мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Текебаевдин адвокаттары жаңы ачылган беш жагдайды таап, башкы прокуратурага кайрылган. Мыйзам боюнча ал жагдайларды орундуу деп тапса, башкы прокуратура сотко жөнөтүш керек. Ал кандай жагдайлар: Биринчиси, Маевский менен Модин «УӨтүн биринчи орун басарынын кабинетинде Текебаев менен жолукканбыз. Анын кабинетинин эшигинде «УӨтүн биринчи орун басары» деп жазылып турган» деп айтышып, тергөөнүн жүрүшүндө Модин Атамбаев отурган 306-кабинетти көргөзгөн. УӨтүн мүчөлөрүнүн баары, ошол кабинетте 5 жылдан ашык ЖК төрагасы болуп иштеген Абдыганы Эркебаев, ЖК төрагасынын биринчи орун басары болуп, 2005-жылдары иштеген Болот Шер отурушкан. Алар «бул кабинетти биз жакшы билебиз, өзүбүз отуруп иштегенбиз, Атамбаев отурганда кирип-чыгып жүргөнбүз» деп, 30дан ашык аттуу-баштуу, авторитеттүү адамдар ал Атамбаевдин кабинети экендигин айтышса дагы, сот алардын көрсөтмөсүнө көңүл бурбай, өз өкүмүндө аны жазбай да катып койду. Жогорку сот «Текебаев 306-кабинетте отурган, бул далилденди, тастыкталды» деп, Текебаевдин айыбын далилдөөчү негиздердин бири катары 306-кабинетти Текебаевдин кабинети кылып салды.

Убагында 306-кабинетте ким отурганын адвокаттар, депутаттар да сурап ала алган эмес. Анткени, Атамбаев президент болуп турган, президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Коёналиев Атамбаевдин айылдаш иниси болуп, ал маалымат берген эмес. Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин Атамбаев менен жаңжалдашып, чатагы башталганда, «Ата Мекен» партиясынын депутаттары Коёналиевди кысып, «чындыкты жаз» деп суроо-талабына жооп алышкан. Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Т.Коёналиевдин быйыл май айында берген маалыматында, «306-кабинет УӨтүн биринчи орун басары Атамбаевдики болгон» деп жазылган.

Кылмыштын орду, убагы жана предмети деген үч нерсе болот. Тергөөдө сот «кылмыш болду беле?» дегенди аныкташ үчүн, «кайсы жерде болду?» дегенди аныкташ керек. Мынакей, ал Атамбаевдин кабинетинде болгондугу чыгып жатат. Демек, бул жаңы ачылган жагдай. Ушул эле көрсөтмө Текебаевди толук актаганга негиз берет. Бирок, башкы прокуратура «сот 306-кабинетти Текебаевдин кабинета» деп чечим чыгарып койгон, аны Жогорку сот бекемдеген, ошондуктан, президент Жээнбековдун иш башкармалыгы берген расмий документ жаңы ачылган жагдай болбойт» дейт. Кантип Атамбаевдин кабинети Текебаевдики болуп калат? Сот туура эмес чечим чыгарса, ал башкы прокуратуранын сунушу менен кайра өзгөрүш керек. Бул Конституцияда жазылып турганын билишпейби?!

Экинчи жагдай. Маевский «2010-жылы 13-май күнү кечке жуук саат 17-19дарда «Супара» ресторанында Модин, Текебаев, Чотонов менен жолукканбыз» дейт. Ал жолугушуу болушу мүмкүн эмес экендигин адвокаттар далилдеди. Анткени, ал убакта Чотонов Ошто жүргөн. Аны генералдар өз көрсөтмөлөрүндө жана «Кыргызаэроновигациянын» берген маалымат катында далилденди. Башкы прокуратура ал кагазды «күчү жок» деп жатат. Аэродромдон вертолет саат канчада учканын каттап турчу журнал бар. Анда баары так жазылган. Ал расмий катты дагы «жаңы ачылган жагдайга кирбейт» дегени абсурд, беттырмарлык.

Сот Текебаев менен Чотоновду айыптаган өкүмүн Маевский «Хаят» мейманканасына келип токтогондугун, «Хаяттын» администрациясынын катын негиз кылып алган. «Мына кат бар, Маевский «Хаятка» келип жашаган, демек, ал чын айтып жатканын далилдейт» деп, өкүмдө негиз болуп турат. Адвокаттар быйыл дагы «Хаяттан» так маалыматтарды алышты. Анда Маевский Леонид Станиславович эмес, ага аты уйкаш Маевский Леонид Борисович жашагандыгы, анын паспортунун сериясы, номерлери дагы башка экендиги белгилүү болду. Ал эми негизги күбө Леонид Станиславовичтин эки паспорту болгон экен, ал экөөндө тең Кыргызстандын чек арасын кесип өткөндүгү тууралуу мөөр жок болуп чыкты. Ошентип, Маевский «Хаятта» болгондугу, ал жерге токтогондугу жалган болгондон кийин, жолугушуу болбогондугун көргөзүп турат. Кынтыксыз, тангыс документ далил. А буга башкы прокуратура кантип жооп берет? Арга жок күлөсүң. «Маевский атын өзгөртүп, башка паспорт менен келсе керек да» дейт башкы прокуратура. Ушинтип өзү чечим кабыл алгандын ордуна, чын эле кайсы Маевский Кыргызстанга келгенин кайра териштириш керек го. Расмий документтте божомолдоп, жомок кылып, жокко чыгарып койгон мындай көрүнүш (безпредел) сот системасынын тарыхында болгон эмес. Бакиевдин тергөөсү, соту, прокуратурасы дагы фальсификация кылып, адамдарды түрмөгө тыккан, бирок, мынчалык сабатсыздыкка барбаган.

Эң негизги жагдай. Модин «2010-жылдын 13-май күнү кечке жуук саат 17-19дарда «Супарадагы» жолугушууда болгом» дейт. Бирок, анын болбогондутун «О!» компаниясы («НурТелеком») далилдеди. Компания берген табуляграмма боюнча, Модин ал күнү шаардын так борборунда жүргөн. Ал сүйлөшкөн станциялар шаардын борборунда жайгашкан. «НурТелеком» Модин сүйлөшкөн базалык станциялар шаардын борборун гана тейлеп, аракет этүү зонасы 1-2 чакырымга гана жетерин көрсөткөн. А башкы прокуратура «Модин «Супарада» жүрсө деле, анын телефонун шаардын борборундагы базалык станциялар тейлей бериши мүмкүн» деп жатат. Техникалык жактан мындай болушу таптакыр мүмкүн эмес. Муну аныкташ үчүн башкы прокуратура эксперимент жүргүзүп же, техникалык экспертиза дайындаш керек го. Ансыз эле өздөрү чечим чыгарып коюп жатышат.

Кийинки жагдай. «Супара» комплексинин ээси Табылды Эгембердиевдин жубайы «Текебаев «Cупарагa» келген, бирок ал референдум өткөндөн кийин келген. Ал биздин эсибизде калган. Анткени, Жолдошум Текебаев менен учурашып, алар жаңы кабыл алынган Конституция тууралуу сүйлөшүшкөн» деди. Буга башкы прокуратура «Эгембердиевдин аялы жаңылышып жатса керек» дейт. Жалгыз эле Эгембердиевдин аялы ошентип айтып жатса, жаңылышкан болушу мүмкүн эле. Бул учур боюнча ондогон күбөлөр, анын ичинде Текебаевдин жардамчылары, кароолчулары да айтышты го…

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев «башкы прокуратура Текебаевдин ишин кайра кароодон баш тартуу менен коомдук пикирде бүгүнкү бийликтин авторитетин жоготту. Текебаевдин ишинин жагдайын, анын күнөөсүз, жалган жалаа менен соттолгондугун Кырызстанда жаш баладан тартып кемпир-чалга чейин билет. Ошондуктан, Текебаевдин ишинде адилеттүүлүк орнобосо, анын ишин адилеттүү кароодон баш тартса, анда бул бийлик адилеттүүлүк, сот акыйкаттыгы, реформа деген сөздөрдү айтпай деле койсо болот. Айткан күндө деле эч ким ишенбейт» деп жазды.

Албетте, Кыргызстанда күнөөсүз соттолгондор көп. Эмне үчүн Каптагаев жана башка саясатчылар Текебаевдин ишине символикалык маани берип отурушат? Буга жооп жөнөкөй. Биринчиден, Текебаев Кыргызстанда белгилүү адам. Анын күнөөсүз камалганы өлкө ичинде гана эмес, эл аралык ири уюмдар ичинде да чоң резонанс жаратты. Эмилбек Каптагаев айткандай, жаш баладан чал-кемпирге чейин Текебаевдин сотун сериал көргөндөй көрүп, ошол ишке өздөрү катышкандай күйүп отурушту. Ошондуктан, Текебаевдин ишин көпчүлүк өз ишиндей кабыл алып жатышат.

Эгер бүгүнкү бийлик «Текебаевдин ишин кайра каратып, ак-карасын териштирип, чындыгына жетейин» деген ниет-аракети болбосо, анда бул бийлик калган иштерди деле карабайт экен» деген ой пайда болот. Башкы прокуратура өзүнүн сабатсыз, кесипкөй эмес чечими менен өзүнүн эле эмес, бийликтин да авторитетине чоң сокку урду.

Президент Сооронбай Жээнбеков февралдагы коопсуздук кеңешинин жыйынында «сот реформасын жүргүзөм, Кыргызстанда адилеттүүлүктү орнотом, мыйзамдуулукту камсыз кылам» деп айтты. Ал ошентип өзүнүн жаңы саясатын жаңы көчүнүн негизги багыты экендигин элге билдирди. Ошондо биринчи кезекте баарына сабак болуш үчүн, эл билген, коомчулуктун оозунда, кулагында турган иштерди кайра кароодон башташ керек эле. Олуттуу далилдер, документтер турса дагы, башкы прокуратура шылтоо издеп, качып, жомок айтып, «Текебаев адилеттүү соттолгон, 306-кабинетте Атамбаев эмес, Текебаев отурган» дегени акылга сыйган жок. Ушундан кийин эл «реформа» деген сөз куру сөз экен» деп түңүлө түштү.

«Текебаевди түрмөдөн чыгарбай туруу чечими менен коомдук жана саясый процесстердин агымы башка нукка бурулуп жатканын бийлик түшүндүбү же жокпу, билбейм. Бирок жагдай ушундай, Текебаев менен Чотоновдун түрмөдө отуруусу «Кыргызстанда сот акыйкаттыгы барбы же жокпу, мыйзамдуулук калыбына келип жатабы же жокпу?» деген суроолордун аныктагыч белгиси болуп калат. Алар түрмөдө отурганда «акыйкаттык, мыйзамдуулук, калыстык, укуктук тартип» деген сөздөрдү ким айтса да, кимдин оозунан чыкса да, баары бир куру сөз, ооздун жели…» деген Эмилбек Каптагаевдин айтканы чындыктын өзү.

Динар Турдугулова

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: