Menu

ИИМ: Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча тергөө иши жыйынтыкталды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмүндөгү (Коррупция) белгилер боюнча А. Батукаевди эркинен ажыратуу жайынан мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иликтенүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы учурда, сотко чейинки өндүрүш боюнча 19 шектүүгө маалымдама тапшырылып, Б. Табалдиев шектелип жаткандыгы жөнүндө сырттан маалымдалып, ал эл аралык издөөгө, анын ичинен Интерпол багыты боюнча дагы издөөгө алынган. 14 шектүү тергөө менен кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшса, ал эми 5 шектүү макулдашууга кол коюшкан жок.

18 шектүү кылмыш иштин материалдары менен таанышып, 27-сентябрь күнү кылмыш иштин материалдары Башкы прокуратурага кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуу болгондугун изилдөө жана сотко жөнөтүү үчүн жиберилди.

Тергөө менен кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан шектүүлөргө карата бөлүнүп алынган кылмыш ишинин материалдары 423 томду жана негизги кылмыш иши 28 томду түздү. Ал эми жалпы саны 451 томду түзөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: