Menu

Малахов кыргыз элинен акыры, болгондо да кыргыз тилинде кечирим сурады

Бөлүшүү:

«Россия 1» телеканалынын алып баруучусу Андрей Малахов кечээ, 1-октябрда эфир учурунда кыргызстандыктардан кыргыз тилинде кечирим сурады.

Анда ал күн сайын түз эфир алып барып, эч кимдин көңүлүн оорутпаган окуяларды айтып берээрин айтты. Ошол окуялардын ичинде Александр Моруговдун трагедиялык өлүмү тууралуу да талкуу болуп, анда ар кандай божомолдор айтылып, буйрутма жол кырсык тууралуу версия болгонун, андагы айтканын Кыргызстандагы айрым көрүүчүлөр туура эмес түшүнүп, алар аны катуу кабыл алганын айтты. “Кыргыз элинин эзелки даанышмандыгында мындай деп айтылат: “Укканды бил жана угузганды бил”,- деп. Бүгүн менин үнүмдү Орусиядагы жана Кыргызстандагы көрүүчүлөр угуусун каалайм. “Түз эфир” программасынын жалпы жамаатынын жана өзүмдүн атымдан чын дилден өкүнүп жатканымды билдиргим келет. Биздин программаны бардык дүйнө жүзү көрөт, ошондуктан биз бардык көрүүчүлөрүбүздү алардын өлкөсүнө, улутуна карабай бирдей мамиле кылып, жакшы көрөбүз, сыйлайбыз. Кечирип коюңуздар (кыргыз тилинде)!”, – деп сөзүн бүтүрдү Малахов.

Эскерте кетсек, “Чучук падышасы” (Колбасный король) атыккан орусиялык миллиардер Владимир Маруговдун баласы Александр мотоцикл менен катуу ылдамдыкта келе жатып, кыргызстандык Исламбек Акбаровдун машинасына урунуп, оор жаракат алып, каза болгон. Жол кырсыкта болгон окуя боюнча, 24-сентябрда «Россия 1» телеканалынын «Андрей Малахов. Прямой эфир” программасынын алып баруучусу Андрей Малахов эки тараптын адамдарын эфирге чакырган. Бирок, ал олигархтын үй-бүлөсүнө жан тартып, Исламбек Акбаровду адам өлтүрүүгө айыптап, кемсинткен сөз айткан. “Рулда башка өлкөдөн келген бир бечара олтурган, иштегенине аз эле болуптур. 10 долларга иштеген кыргыздар 100 миң доллар берсе, бардык буюртманы аткарат”,-деген. Бул сөзүн чындап эле кыргызстандыктар, өзгөчө кыргыздар катуу кабыл алып, социалдык тармактарда агынан жарылып, анын кечирим сурашын талап кылган акция уюштурушкан.

Ушундан кийин да, Малахов кыргызстандыктардан кечирим сурабай, “кыргызстандыктар мынчалык катуу кабыл алаарын билген эмесмин, айрымдары менин сөзүмдү туура эмес түшүнүп алыптыр”,-деп өзүнүн журналына интервью берип жатып айтканы бар. Малаховдун бул сөзү үчүн эки өлкөнүн элчилиги да “урушуп” кала жаздады. Ал эми Орусиядагы Кыргызстандын элчиси Аликбек Жекшенкулов менен экс-депутат Камчыбек Ташиев кер-мур айтышып калды.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: