Ош облусунун Өзгөн районунда бир кишиге 14 миң сом айып салынган. Бул тууралуу өзгөчө корголгон жаратылыш аймактары менен ар түрдүү биотүзүмдөрдү сактоо департаментинин адиси Алимбек Айдаров билдирди.
Анын айтымында, азыркы тапта мыйзамсыз мергенчилик мезгили башталып олтурат. Ошентип 30-сентябрда 55 жаштагы жергиликтүү тургун учуп келүүчү кушту (жапайы бактекти) атып алган. Натыйжада, а кишиге 14 миң сомдук айып пул салынган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ