Кечээ, 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Вашингтон шаарына жумушчу сапарынын алкагында АКШнын Башкы прокурорунун жардамчысынын орун басары, Эл аралык маселелер боюнча Кеңешчи Брюс Шварц менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптардын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнүн абалы жана келечеги талкууланды.
Кыргыз Республикасынан мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдердин бөлүгүн кайтарууда көмөк көрсөткөндүгү үчүн Министр америкалык тарапка ыраазычылык билдирди жана бул кадам коррупцияга каршы күрөшүүдө эки демократиялык өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун жакшы үлгүсү болуп саналаарын баса белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле тараптар КР менен АКШнын ортосундагы укуктук кызматташуу боюнча эки тараптуу мамилелерди бекемдөө маселелерин да талкуулашты. Ушуга байланыштуу, Б.Шварц эки тараптуу күн тартибинде орун алган маселелер боюнча ишти жигердештирүүгө америкалык тараптын даярдыгын жана колдоосун билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ