Menu

“3 саат тилемчилик кылып 500-600 сом табам”

Бөлүшүү:

Кечкисин жумуштан чыгып, коомдук унаага түшүү үчүн аялдамага чейин басып барабыз. Жолдо жер алдындагы өткөөл аркылуу өтүүгө туура келет. Жумуштан кетип жатып, 60 жаштардагы аялдын тилемчилик кылып жатканын көптөн бери байкап жүрөм. Бул жолкусунда токтоп, ал кишинин жашоосуна кызыга кеттим. Эмесе кеп башынан болсун.

Көптөн бери назар салып жүргөнүмдү айтып, жанына отуруп кандай болуп бул тагдырга туш болуп калганына кызыга түшкөнүмдө “Жолдошум болсо ушинтип тилемчилик кылат белем” деп сөзүн оор үшкүрүк менен баштаган айымдын ысымын сураганымда айтуудан баш тартты. Жашы 63тө экен. Ден соолугу бир аз начарлап, ишке жарабай калганынан улам тилемчилик кылып жан багып жатканын билдирди. Ал өзүнүн оор турмушу жөнүндө төмөндөгүдөй баян курду.

“Учурда сиңдим менен шаардагы батирлердин биринде 3000 миң сом акы төлөп жашайм. Алган пенсиям 5000 миң сом ал деле эч нерсеге жетпейт, айла жоктуктан тилемчилик кылам. Жолдошумдун дүйнө салганына туура 35 жылдын жүзү болду. Улуу балам өзүнүн үй-бүлөсү менен айылда турат. Менин ушинтип оокат кылып жүргөндүгүм тууралуу кабары жок, андан кийинки уулум болсо айыкпас оорудан улам көз жумган. Балама кайыр сурап жүргөнүмдү билгизгим келбейт. Анын өзүнүн кыйраткан деле жашоосу жок, алты баласы бар, аларды багышы керек”, – деди Сайрагүл апа.

Анын айтымында, жумушка жарамдуу кезинде көчө шыпыргыч болуп, өз жанын бакчу. Жылдар өткөн сайын буту ооруп, жакшы баса албай калган. Мындан эки жыл мурун “жумуш иштей албайсың” деп, иштен чыгарып коюшкан. Андан кийин каарманыбыздын кылбаган аракети калган эмес. Ал тургай карылар үйүнө барганын айтып, бирок көнө албай койдум. Андан көрө, бул жакта отура берейин деп кайрадан бул жерге келе бердим дейт. “Мындай абалымды тууган-туушкандардын билүүсүн каалабайм. Бир четинен аларга көз каранды болуп жардам сурагым келбейт. Азыркы кечирип жаткан күнүмө кудайга шүгүр кечке маал үч саат отурам, эң эле жакшы таптым дегенде 700-800 сом, ал эми андан азыраак, болгондо 500-600 сом табам”, – деп өз сөзүн аяктады да, кетүү убактым болду деп ордунан козголуп, тапкан олжосун чөнтөгүнө салып агылып жаткан элди аралап жок болуп кетти.

Булак:  «Кыргыз Туусу»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: